Бишкекте Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын дипломатиялык академиясынын ардактуу профессору болду. Бул тууралуу бүгүн аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Дипакадемиянын ректору Чынара Адамкулова Сергей Лавровго мантия кийгизип, шахмат белек кылган. Мындай наамга ээ болгонуна сыймыктанган Лавров ыраазылык билдирген.
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиевдин айтымында, ушуну менен Сергей Лавров быйыл Кыргызстанга төртүнчү жолу келген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ