Menu

Журналист Азият Жекшеев: “НТС каналынан кетишимен саясат издебегиле”

Бөлүшүү:

НТС телеканалындагы “ТВ-кайгуул” телеберүүсүнүн алып баруучусу жана журналисти Азият Жекшеев журналистикадан кетип жатканын айтып, өзүнүн Facebook баракчасына анын себебин түшүндүргөн:

“Убакыт келди! Журналистика тармагына 19 жашымда Каракол шаарындагы АнтенТВ деген каналына жумуш издеп барып башым кирген. Болжол менен 14 жыл аралыгында ар кайсы каналдарда борбор калаада эмгектенип келдим. Журналистика тармагында бир топ дос күтүп бүгүн да мамиле үзүлбөйт. Эми турмушумдагы бул баракты жаап отурам!

Бул чечимге даярданганыма жарым жыл болуп баратат. Келечегимди мындан ары коомдук иштер менен байлайын деп жатам!

Акыркы чечимге акыркы күндөрү өлкөбүздө орун алган кайдыгер калтырбай турган окуялар жана бул кырдаалдагы активдүүлүгүм себеп болду. Бул аракеттерим мындан ары дагы уланып турмакчы!

Бул күндөрү жана кийин дагы мени ар кимге (саясатчыларга) НТС каналына байлап жаткан маалыматтар тарады. RE’Акцияга катышканым жана баардык айткан жана жазган сөздөрүм жеке өздүк жарандык пикирим экенин айткым келди. Мындан ары мени ар кимге байлабай, өзүнчө адам катары гана мамиле кылууңарды өтүнүп, НТС каналынан эч кимдин мажбурлоосу жок өз каалоом менен кетүүнү чечтим!

Чечимимде эч кандай саясат жок! Болгону коомдук иштер менен журналистиканын дал келбегендиги себеп! Арыбаңыздар!”

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: