Бишкек шаардагы тез татым жайларды текшерүүдө өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабаган жайлар аныкталып, жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын аймактар аралык башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
Алардын айтымында, Бишкектеги Горький менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги үч тез татым жайы өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабай, газ баллон колдонгону аныкталган. Алар: «Замзам», «Антошка» жана «Ханбургер», алардын ар бирине 7,5 миң сомдон айып салынып, газ баллондоруна мөөр басылып, протокол түзүлүп, жабылган.
Эске сала кетсек, 8-ноябрда чак түштө, Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” тез татым түйүнү жарылып, бир кызматкер кыз каза болуп, 13 киши ар кандай жараат алган. 9-ноябрда «Антошканын» арендатору камалган. 11-ноябрда ашкананын ээси ұй камагына чыгарылган. 12-ноябрда “Антошкада” кырсыктан кийин Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилээри айтылган жана текшерилген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ