Menu

Адиль Турдукулов, активист: “Биз мурунку президенттин убагындагы коррупция, аткезчиликти актаганыбыз жок”

Бөлүшүү:

– Азаттыктын миллиондор боюнча иликтөөсүнө толук ишенүүгө болобу?

– “Азаттык” мамлекетибиз көз карандысыз болгондон баштап, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Борбор Азия аймагында “демократия аралчасы” деп аталып калганыбызга да “Азаттыктын” салымы бар. “Азаттык” булагы накта улуттук кызыкчылыкты көздөгөн, бей тараптуу, элдик ММК катары, өлкөнүн ичинде да, анын сыртында да таанылып калды. Дүйнөдө так кыргыз “Азаттык” эң алдынкы медиа өкүлү эсептелгени да жөн жерден эмес. Акыркы иликтөө болсо бул кыргыз журналистикасынын чоң секириги. Анткени, ал жерде укук коргоо органдары көз жаздымында калтырган, көмүскө экономка, коррупциянын очогу болгон бажы кызматындагы бийлик өкүлдөрү калкалаган, чырмалышкан уурулук схема ачыкталган. Мен буга сөзсүз
түрдө ишенем. Анткени, ал жерде көрсөтүлгөн жаңы маалымат факт менен негизделген.

– Бажыдагы жаман илдет илгертен эле келе жатпайбы. ЕАЭБге киргенден кийин уюмдаштар дагы бир топ жолу биздеги бажы маселеси курч экенин айтышкан. Аткезчилик уюмдун келечегине балта чаап салабы?

– Кыргыз мамлекети геосаясый жактан маанилүү жерде жайгашкан. Бул жер эзелтен бери Улуу Жибек жолунда маанилүү орун ээлеп келген. Азыр да Кытай экономикасы тездик түрдө өнүгүүсү менен, ал жактан Борбор Азия мамлекеттерине, Орусияга, башка КМШ өлкөлөрүнө ташылып жаткан буюмдар да Кыргызстандан өтүп келет. 90-жылдарда журналисттер, эксперттер Кытай менен Кыргызстандын бажы кызматы көрсөткөн статистика бири-бири менен шайкеш келбей турганын айтып келишкен. Ошондуктан бул тармактагы коррупцияга, аткезчиликке буга чейинки президент, өкмөт башчы, укук коргоо органдардын жетекчилери өздөрү калкалап, керек болсо катышып келгенин так, кесе айтсак болот. Кыргызстан Евразиялык биримдигине киргенден баштап, бул маселе Москванын көңүл борборунда болуп баштады. Анткени кыргыз бажы тармагындагы аткезчилик маселеси Евразиялык биримдигиңин келечегине
балта чабуу аракети экенин биздин өнөктөштөр түшүнүп жатат. Ошондуктан бул маселеге бир гана кыргыз жарандары эмес, тышкы күчтөр да ыкчам, радикалдуу түрдө чечүүгө кызыкдар.

— Сиз дагы “Реакция” деген митингде жүрдүңүз. Анда жалаң эле Раим Матраимов тууралуу сөз айтылды. Эмне үчүн мурунку президенттер, таасирдүү адамдар тууралуу сөз көтөрүлбөдү?

– “Азаттыктын” иликтөөсүндө, биз да митинг өткөргөндөр көбүнчө, азыркы бийликке нараазычылыгыбызды айтып жатабыз. Ошону менен биз мурунку президенттин убагындагы коррупция, аткезчиликти актаганыбыз жок. Биздин талабыбыз мурунку бийликтеги коррупция, азыркыга чейин уланып келип жатканына карата каршылык көрсөтүп, бул нерсени азыркы бийликтин чечишин талап кылып жатабыз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: