Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Үмөталиев акыркы өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга калыс оюн айтып, элибизди биримдикке чакырды.
“Биз акыркы кырдаалды көзүбүз менен көрүп, кулагыбыз менен угуп жатабыз. “Эли-журтубузга тынчтык керек. Бөлүнбөй, жарылбай, калыс болушубуз керек” – деп жыйынтык чыгарып жатабыз. Биздин көз карашыбызда, президентибиз тышкы саясатты абдан жакшы алып келе жатат. Казакстан, Өзбекстан менен мурун салкындап калды элек, бирок азыр абдан жакшы мамиле жашап жатабыз. Ошондой эле биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Орусия көптөгөн жардам көрсөтүүдө” – дейт Өмүрбек Үмөталиев.
“Ич ара бөлүнүү-жарылуу болуп жатат. Менимче, көп партиялар бири-бири менен тил табыша албай, шайлоонун алдында ызы-чуу чыгарып жатышат. Биринчиден элибизге, жерибизге тынччылык керек”- деп кошумчалады.
Бажы кызматынын тегеринде айтылган сөздөр бүгүн эле чыкпагандыгын, ал Акаев, Бакиевдин учуран бери келе жатканын айтып, аны тиешелүү кызматтар мыйзам чегинде чечсе болоорун кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ