Сүрөт: Бул машиналардын сүрөтү «Kz.media» сайтынан алынды.
Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү кымбат баалуу машиналардын коллекциясынын бир бөлүгүн сатыкка койду. Бул тууралуу «Kz.media» сайты жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, 9 уникалдуу, кымбат, баалуу машиналар Нью-Йорк шаарында сатыкка чыгат. Жалпы 13 млн долларга бааланган. Бул баштапкы гана баа экени айтылууда. Аукцион алгач декабрдын аягына пландалып, кайра 2020-жылдын биринчи кварталынын аягына жылып калган.
Сатыкка коюлуп жаткан машиналар төмөндө:
1.Ferrari F40;
2.Ferrari Testarossa;
3.Бугатти Вейрон;
4.Ламборджини Миура;
5.Lamborghini Murcielago;
6.Ламборджини Урус;
7.Koenigsegg Agera S;
8.Pagani Zonda;
9.Альфа Ромео 8С.
Ушак-айыңдарга караганда, бул баалуу машиналар Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаевага таандык.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ