Сагынбек Абдрахманов жетекчилиги астындагы социал-демократиялык партия декабрда “КСДП: кечээ, бүгүн,эртең” аттуу конференция өткөрөт. Абдрахманов ал конференцияга КСДПдан чыккан бардык жогорку кызматтардагы партиялаштарын чакыруу ниети бар.
“Конференциянын жыйынтыгында ким катышканы, ким оң пикир айтканы жана ким КСДПдан кеткени тууралуу тизмени ачык айтабыз. Кимдин ким экенин эл билсин”, – дейт ал.
“Азыркы элдин көз карашы 2010-жылдагыга караганда кыйла өзгөрдү, революциачыл лидерлерге сокур ишеним артпай калды, мурда ээрчип, отко деле кирип кете берчү. Эл кайсыл партияга көңүл буруш керектигин түшүндү. Коом жаңы лидерлерди күтүп, аларга ишеним арткысы келет”, – дейт Абдрахманов.
“Көпчүлүк принципсиз, ар кайсыл партияга чуркаган мансапкорлор мандат үчүн же жогорку кызмат үчүн Мекенин саткандан кайра тартпайт. Алар башка партияларга көзүн кызартып, шашылыш түрдө КСДПдан чыгып жатышат”, – деп кошумчалады партиянын жаңы лидери.
2019-жылдын 18-апрелинде Юстиция министрлиги КСДПнын юридикалык тараптарынын реестрине өзгөртүү киргизген. Анда партия лидери Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахманов жазылган. Ал дароо партиянын мөөрү менен акчасын талап кылган. Ошондой эле уюмдун дареги өзгөртүлгөн. Атамбаев сотко да, Башкы прокуратурага да кайрылган. Бирок дале Абдрахманов КСДПнын расмий жетекчиси.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ