Menu

Интернетте кыргыз тилинин фразеологилык сөздүгү пайда болду

Бөлүшүү:

Интернетте кыргыз тилинин фразеологилык сөздүгү пайда болду. Бул тууралу УИАнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы кыргыз тил жана адабият институту менен “Эл-Сөздүк” онлайн сөздүгүнүн биргелешкен долбоору.

Фразеологизмдердин онлайн сөздүгү, кыргыз тил институту  2015-ж. чыгарган “Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү” негизинде түзүлгөн. Сөздүктө фразеологизмдердин чечмелениши көркөм адабияттан жана мезгилдүү басма сөздөн алынган мисалдар менен коштолот.

“Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү” өнөктөштүктүн алгачкы эле кадамы. Кыргыз тил институтунун башчысы, профессор Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен жакынкы учурда Эл-Сөздүктүн базасы “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү”, “ ”Манас” эпосунун сөздүгү”, “Синонимдер сөздүгү”, “Антонимдер сөздүгү” ж.б. кыргыз тил инсититу түзгөн актуалдуу сөздүктөр толукталып, кыргыз тил күйөрмандарын кубантып турмакчы.

Эл-Сөздүк сөздүгүндө пайдаланылган сөздүктөрдүн тизмеси.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: