Menu

Сапар Исаков: “Бизнес-империянын ээси Осмон Артыкбаев 100 млн сомду андан көрө балдар үйүнө берсе болмок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланды. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өтүүдө. Тараптардын жарыш сөзү угулууда.

“Мен Жантөрө Сатыбалдиев тууралуу айткым келип турат. Бу киши мени менен кошо тапшырма аткарып, менин буйругумду аткарганы – болбогон кеп. Ага “муну кыл, тигини кыл” деп айтсаң, “билген жагыңа бар” деп коет. Бишкек ЖЭБи боюнча бу киши менен эч нерсе сүйлөшкөн эмесмин. Буга бир дагы далил да жок. Жантөрө Жолдошевич силер айткан “биздин бандада” бар экени боюнча бир да далил жок”, – деди.

Андан соң ал дагы бир айыпталуучу Осмонбек Артыкбаев жөнүндө мындай деди:

“Аны менен эч кандай мамилем болгон эмес, буйрук да берген эмесмин. Бу киши принципиалдуу, мени укмак беле? Сот отурумдарында дагы бири-бирибизди түшүнбөй жаттык. Бул киши бай, өз бизнес-империясы бар. Ага чоочун акчалардын кереги жок. 100 млн сомду эмнеге төлөгөнүн түшүнбөдүм, бирок андан көрө балдар үйүнө берсе болмок экен”.

Андан кийин Ольга Лаврова, Айбек Калиев жөнүндө сөз сүйлөп, алар менен да мамилеси болбогонун айтып, буйрук бербегенин, ал эми С.Авазов менен ал Жалал-Абадын мэри болуп труганда тыгыз иштешкенин, Ж.Назаровду тааныбастыгын, А.Бримкулов менен автозактан таанышканын айтып берди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: