Menu

Дональд Трамп менен Владимир Путин кийинки айда Хельсинкиде жолугат

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 16-июлда Финляндиянын борбору Хельсинкиде жолуга турганын “Рейтер” агенттиги Кремлдеги булактарына таянып кабарлады.

Кремлден эки лидер АКШ менен Орусиянын кызматташтыгынын азыркы абалын жана келечегин, андан тышкары эл аралык проблемаларды талкуулай турганын билдиришкен.

Саммит макулдашылганы 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтылган.

Трамп менен Путин болсо буга чейин былтыр июлда “Чоң жыйырманын” Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Бирок АКШ президентинин кызматына Трамп киришкенден бери Вашингтон менен Москва жогорку деңгээлде эки тараптуу, толук жарамдуу сүйлөшүү өткөрө элек.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: