Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде “Пирамида” телеканалынын жана мамлекеттик органдарынын, анын ичинде Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн түз көрсөтүүгө каражат бөлүп берүү боюнча кайрылуусу каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын жүрүшүндө “Пирамида” телеканалы мамлекеттик органдардын ишин түз көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында 2 млн сом өлчөмүндө каражат берүү өтүнүчү менен кайрылганы белгилүү болду. Телеканалдын директору Нурзада Токтогулованын айтымында, “Пирамида” жакында мамлекеттик органдардын ишин чагылдыруу форматына өтүп, анын ичинде Жогорку Кеӊештин жыйындары түз көрсөтүлө баштаганын билдирди. Ал телеканалдын жабдууларды жаӊыртуу милдети турганын, азырынча каржылык муктаждыкты өз алдынча жаба албасын кошумчалады.
Айрым депутаттар кыргыз парламентинин жыйындарын түз көрсөтүүнүн анчалык деле зарылдыгы жок экенин, андан көрө маалымат катары 40 мүнөттүк чакан көрсөтүү даярдалса эле жетиштүү болорун белгилесе, бир катар эл өкүлдөрү депутаттар телеканалга жардам берүү демилгесин колдоду.
Жыйынтыгында тармактык комитеттин мүчөлөрү бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ