Каржы полициясына Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура институтунун (КГУСТА) студенткасы А.А арыз менен кайрылып, университеттин К.А. аттуу кафедра башчысы андан дипломду ийгиликтүү коргоп алуу үчүн 1500 доллар пара талап кылып жаткандыгын жана ага каршы чара көрүүнү суранган.
Бул факты боюнча Каржы полициясы КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 225-мыйзамсыз каржы талап кылуу беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
21-май күнү Каржы полициясы ыкчам-иликтөө иш чараларын өткөрүүнүн натыйжасында аталган университеттин кафедра башчысы К.А. 1000 доллар өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармады.
Азыр тергөө иштери улантылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ