Бүгүн, 18-декабрда Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен КР Бажы кызматынын төрагасынын 1-орун басары болуп Жеңишбек Исаковду дайындады. Бул тууралу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Жеңишбек Исаков 1972-жылы 8-майда Нарын облусунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган. Ички иштер министрлигинде жана Улуттук коопсуздук кызматында жооптуу кызматтарда иштеген. Бажы кызматында да көп жылдар бою эмгектенип, 2013-2014-жылдарда ушул эле КР Бажы кызматынын жетекчисинин 1-орун басары болуп, төрага Кубанычбек Кулматов менен иштешкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ