Menu

Сокулук районунда жыйырма кой уурдап кеткен жаран кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 4-декабрь күнү Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Биринчи Май айылынын 54 жаштагы У.Л. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 3-декабрдан 4-декабрга караган түнү арыз ээсинин сарайына белгисиз адамдар киришип, 20 баш коюн уурдап кетишкенин билдирген. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

“Каракчы” аталышындагы рейд учурунда Сокулук районунун ИИБнин кызматкерлери тарабынан жогорудагы мал уурдоого шектелип, Сокулук айылынын 30 жаштагы Ч.Б. аттуу тургуну кармалып, Сокулук районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: