Menu

Импорттолуп келген продукциялар текшерүүдөн өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин адистери тарабынан мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык контролдоо пункттарында бир жума ичинде текшерүү жүргүздү.

Ушул жылдын 25-ноябрынан 29-ноябрында экспорттолуучу 6202,125 тонна ата мекендик айыл чарба продукциясы жана 21284,734 тонна импорттолуп келген продукциялар текшерүүдөн өттү.

Товарларды ташып чыгаруу жана ташып кирүүсүн текшерүү менен, продукциялардан үлгүлөрдү алуу, карап чыгуу ташуу шарттары жана сактоо эрежелери ишке ашырылды. Мындан тышкары, экспорттолгон жана импорттолгон продукциялардын маанилүү аспектиси болуп саналган этикеткалоо маркалоо эрежелерин текшерүү жол-жобосу, ошондой эле коштоочу документтердин бар экендигин текшерүү болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Россия Федерациясына жана Казахстан Республикасына экспорттолгон 293,75 тонна жашылча (болгар калемпири, сабиз, чеснок, пияз, капуста, түрп); 1141,85 тонна мөмө жемиш (жүзүм, алма, алмурут, кара өрүк, анар, бийалма, хурма); 305,7 тонна кургатылган мөмө жемиш; 1516,2 тонна жаңгак (Россия Федерациясына жана Түркия Республикасына экспорттолгон жана 2483,625 тонна буурчак, России, Казахстан жана алыскы , жакынкы чект өлкөлөргө багытталган. Картошка 200,0 тонна Узбекстанга; азык түлүк тамактар – 261,0 тонна Россия, КЭР, Тажикстан, Узбекстан жана Монголия өлкөлөрүнө экспорттолгон. Жыгач материалдары – 2221,44 м 3 Россия жана Узбекистанга экспорттолгон . Баардыгы болуп – 1576 уруксат кагаздары берилген.

Жума ичиндеги текшерүүнүн натыйжасында Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери эч кандай мыйзам бузууларды тапкан эмес. Бардык экспорттолгон продукциялар даректери боюнча жеткирилген, жүктөрдү кайтаруу катталган эмес.

Карантинге алынган продукцияларды ташууда фитосанитардык контролдоо үчүн кыргыз-казак чек ара өткөрмө пукттарына жакын жерлерде («Чон-Капка» а/ж, «Чалдовар» а/ж, «Ак-Тилек» а/ж, «Ак-Жол» а/ж мобилдик топтор түзүлүп иштеп жатат.

Фитосанитардык сертификаттарды берүү «ЭЛЕК-фито» маалыматтык ситемасы менен ишке ашууда.

Департамент СМЭВ «Түндүк» ситемасына туташтырылган.

«JICA» менен кызматташуу

Япония жана КР Өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу Кызматташуунун алкагында «Кыргыз Республикасында айыл чарба продукцияларын экспорттоого көмөк көрсөтүү максатында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча кызматкерлердин потенциалын бекемдөө» деп аталган тема боюнча 10 адис декабрь айында Япония өлкөсүндө билимин жогорулатуу үчүн эки жумалык курсуна жөнөп кетишти. Келерки жылга Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялардын адистерине 10 адамдан турган окуу пландаштырылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: