Menu

Феминисттердин жосунсуз жоругу же министрликтин шалаакылыгы

Бөлүшүү:

Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн феминнале боюнча сиздин көз карашыңыз?

Жаныш Кулмамбетов, жазуучу, режиссер:

– Биринчиден, феминизм деген батыштын өзүндө да жакшы колдоого ээ эмес. Ал эми музейде өткөн көргөзмө биздин, салттуу үй-бүлөлүк мамилени сактаган элдин эмес батышта да колдоого алынбайт. Ал жерде жылаңач бийкеч атайын Европадан келгенин айтып жатышат. Ошол себептен да колдогон батыш өлкөлөрү дегендер сөз чыгып жатышы мүмкүн. Биз светтик өлкө болсок дагы, мусулман эли экенибизди алар эстерине алышы керек болчу. Бул биз үчүн өтө одоно көрүнүш болуп калды. Экинчиден, бул жылаңач айымды эл аралатып бастыра турган болсо ал жерде майда балдар болбошу керек болчу. Видеолордо балдардын жүргөнүн көрүүгө болот. Бул уюштуруучулардын катасы, шалаакылыгы. Батыш каржылап жатат дегенге негиз жок болуш керек. Менин оюмча биздин уяштуруучулар тарабынан гана ишке ашып жатат болуш керек.

Айбек Бузурманкулов, активист: 

– Биринчиден, булардын көргөзмөсү конституцияга каршы болду десек болот. Анткени булардын көргөзмөсүндө бир нике укугу да көтөрүлдү. Биздин мыйзам буга жол бербейт. Экинчиден, жылаңач аялдардын жүргөнү порнографияга үгүттөө болушу мүмкүн. Ошол эле учурда ал жерде жашы жете элек балдар да жүрүшү мүмкүн. Жаштарды уятсыздыкка үгүттөгөн мындай иш-чараларды жоюуга бел байлашыбыз керек.

Асан Турсункулов, сүрөтчү:

– Акылга сыйбаган ушундай нерселерди музейде көрсөтүү туура эмес көрүнүш. Кыргыз эли миңдеген жылдарда сактап келген каада-салт, үрп-адатын, маданиятын башка элдин колу менен бузууга, маданияты менен аралаштыруу зарыл, булгоого жол берилбеш керек. Искусство деген бийик туруш керек. Бул музейде кыргыздын кылымдап келген баалуу мурасы, жүзү көрсөтүлүшү керек. Мен жосунсуз, ата салтына туура келбеген көрүнүштөргө каршымын.

Алигшер Мамасалиев, экс-депутат:

– Мен мындай пикирге кошулбайм, себеби чагырмачылыктын жана исскуствосунун ар кандай тармактары жана ар кандай көз караштары болот. Бул феминисттердин көргөзмөсү бирөөлөргө жакпашы мүмкүн, башкалар тескеринче муну чыгамачылык деп эсептейт, мен бул нерседен чоң көйгөй көтөрүүнүн кажети жок деп эсептейм. Бирок, бир эле маселе, мен ойлойм мындай көргөзмөнү уюштуруучулар башка жакта өткөрсө туура болмок, ызы-чуу да болмок эмес.

Бакыт Аманбаев, экс-акыйкатчы:

– Феминисттер кыргыздын каада- салтын, тарыхын сыйлашы керек. Кыргыз элинде эркек менен аялдын орду так көрсөтүлгөн. Биз ошол жол менен кетишибиз керек. Аялды басмырлоо, укугун тепселип салды деген бизге тиешелуү эмес. Үйдүн коломтонун жылыта турган аял. Тагыраагы аялдын жумушун аял, эркектикин эркек өзү аткарышы керек. Булардын кылымды карыткан тарыхыбызды тебелеп тепсегенине жол бербешибиз керек. Маданият министри кызматтан кетиши керек. Ушундай ыпыластык нерсенин музейде көрсөтүлүшүнө жол бергени үчүн.

Гүлмира Шаршеева

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: