Menu

Ош, Жалал-Абадда жасалма 2 миң сомдук тароодо

Бөлүшүү:

Өлкөбүздүн аталган эки облусунун аймактарында 5 пачка жасалма 2000 сомдук купюралар тараганы айтылууда. Бул тууралуу маалыматты камтыган телефонограмма “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун башкы директору Дурусбек Рахмановдун коюлган колу менен интернетке тарады.

Анда ал “Жалалабатэлектрого” караштуу баардык жетекчилерге Токтогул районуна 29-ноябрь күнү 5 пачка 2000 сомдук жасалма купюра акчалар таркатылганын, учурда ал акчалар Ош, Жалал-Абад областынын райондоруна тарап жатканын айтып, 2000 сомдук купюраны аларда кылдаттык менен текшерип алуусун эскертип жазат.

“Оперативдик маалымат боюнча 2019-жылдын 29-ноябрь күнү Жалал-Абад областынын Токтогул районуна 5 (беш) пачка 2000 (эки миң) сомдук банкоматы фальшивомонетчиктер тарабынан жасалмаланып таркатылып жиберген, азыркы учурда 2000 сомдук купюралар Ош жана Жалал-Абад областынын башка райондоруна тарап кеткендиги тууралуу маалымат түштү.

Ошол себептен баардык жетекчилер, кол астыңыздарда иштеген кызматкерлерге эскертип, 2000 (эки миң) сомдук купюраны алардан мурун өтө кылдаттык менен текшерип алууну сураймын”,- деп жазылат анда.

Бул боюнча Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Жээнтаев аталган маалыматты текшерип жатышканын, 3-декабрда түштөн кийин расмий билдирүү жасашаарын билдирди.

Эмнеси болсо да 2 миң сомдук жасалма купюра элге тарап кетиптир. Ошондуктан ар бирибиз соода-сатык кылганда же акча алмаштырганда этият болушубуз керек.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: