Menu

Видео – Рыскелди Момбеков, ЖКнын депутаты: “Эмне, эми “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасын банкрот кылганы жатасыңарбы?”

Бөлүшүү:

Мага кайрылуу келди. Жакында “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын пенсияны жеткирүү кызмат акысы кыскартылыптыр. Демек, анда иштеген адамдар эмгек акы алышы кыйындайт. Алардын маянасы ансыз деле аз – 4 миң сом. Эмне, эми мамлекеттик ишкананы банкрот кылганы жатасыңарбы? Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда ушундай собол салды.

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын кызмат акысы 0,1 пайызга кыскартылганын моюнга алды. “Азыр анын кызмат акысы 0,1 пайызга азайтылды. Андан ишкана анчалык деле жабыр тартпайт. Үнөмдөлгөн каражат пенсияларды көбөйтүүгү жумшалат. “Кыргызпочтасынын” кызмат көрсөтүү акысы банктарга караганда кылбат, бирок ал мамлекеттик ишкана болгондуктан, көп жылдан бери колдоп келебиз. Азыр анда иштегендердин маянасы 4 миң сом эмес, 7 миң сом. ”, – деди ал.

Андан тышкары, азыркы учурда пенсия негизинен накталай акчасыз банктар аркылуу которулуп, алыскы аймактарда “Кыргызпочтасы” аркылуу берилип жатканы белгилүү болду. “Биздин башкы милдет кардарлар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат. Банктар пенсионерлердин 54 пайызын тейлейт, бирок алар алыскы аймактарды тейлей албайт, ошондон улам азырынча “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын жардамына муктажбыз”, – деп кошумчалады Соцфонд башчысы.

Депутат азыр Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасын атайылап банкротко учуратуу менен, аны акционерлештирип, жетекчилигине өз адамын алып келүү аракети жасалып жатканын баса белгиледи. “Ал кызматка кимдин кайсы бажасы келерин деле билебиз. Ишкананын кызмат акысын кыскартуу чарасы деле ошого байланышып турат. Ага кошул, ишканадан 1400 адам кыскартылып жатыптыр. Ошондуктан, мамлекеттик ири ишкананы банкрот кылгандан көрө, сактап калуу чараларын көрүү керек”, – деди.

Ал эми депутат Алмазбек Токторов азырынча “Кыргызпочтасы” ишканасынын кызматкерлерин кыскартуунун кажети жок экенин айтты. “Азыр “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады, алардын дагы билдирүүлөрүн жеткирүү милдети турат. Ишкананын кызмат көрсөтүү көлөмү өстү. Анын штат бирдиктерин кыскартпай, тескерисинче штатын да, маянасын да көбөйтүү керек. Соцфонд пенсионерлердин эсебинен жашаган мекеме, ал келерки жылы 42 адамды кыскартса, “Кыргызпочтасы” 1400 адамды кыскартат экен, ушу дагы калыстыкпы”, – деди ал.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 675 миңден ашуун пенсионер бар. Пенсия өлчөмүнүн ырааттуу өсүшү үчүн 1 пенсонерге 3 иштеген адам туура келиши керек, бирок азыркы учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам да туура келбейт. Ошондон улам, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу, кош бухгалтерия менен эмгек акыны жашырып берүү жосундарын жоюу милдети турат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: