Menu

Өмүрбек Текебаев, экс-депутат: “Ушуга да шүгүр, соттун чечимин түрмөдө олтуруп күткүчө ушинтип эл ичинде жүрүп күтүүнүн өзү чоң жакшылык эмеспи…”

Бөлүшүү:

Бүгүн “Айыл азыгына” эки чоң конок келди. Бири Өмүкем. Керек учурда бүтүндөй бир элдин абийири жана ар-намысы болуп берүүгө жараган улуу инсан. Арабызда ушундай адамдарыбыз бар үчүн кыргыз деген керемет эл атыбыз бар да. Мен калдактап берерге ашымды таппайм, Өмүкем болсо көрүмдүгүн таппайт. Дүкөнгө ыраазы болуп, бир топ сунуш-тилектерин айтып кетти. Сот создукту го десем, эми ушуга да шүгүр, анын чечимин түрмөдө олтуруп күткүчө ушинтип эл ичинде жүрүп күтүүнүн өзү чоң жакшылык эмеспи дейт. Аз сүйлөп, ар бир сөзү алтын наркы дегидей терең да, жүйөөлүү да болуп калган. Бар бол, кайран көк жал, арыба деп кала бердим.

Экинчи чоң конок береги Нургүл деген кыз болду. Ат-Башыдан келиптир. “Айыл азыгына” жайды жайлай Арпанын кымызын ташыган жанындагы Барыктабас деген эр жигиттин жубайы. Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы. Толгон эл Бакынын кымызы деп артынан сая түшүп ичкен кымыз менен эринин атын чыгарган ушул келин. Эми кышты кыштай бээ саап, шырылдаң кымыз кылабыз деп кымыздын алдын алып келишти. Жылкыны жайында саарга киши табылбайт азыр. Нургүл айым кыштай кымыз кылууга бел байлап олтурат. Кыш туут бээлерибиздин саны азыраак болуп жатат, бирок Дача-Суудагы Тагай Бий аке менен бириксек Бишкектин кышкы кымыз маселесин чечебиз дешти. Арабызда мына ушундай баатыр кыргыздар барда биз эч убакта эч бир жакшылыктан кем болбойбуз, кадырман замандаштар!

Өмүрбек Текебаев, экс-депутат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: