Британия телеканалы Sky News экстремистик “Ислам Мамлекети” тобуна иштеген 22 миң согушкердин документтери редакцияга түшкөнүн жарыялады.
Ысымдар, телефон номурлар жана согушкерлердин туугандарынын байланыш даректери камтылган документти ИМдин мурдагы мүчөсү берген. Ал буларды “Ислам Мамлекети” тобунун полициясынан уурдап алган.
Sky News билдиргендей, документте 50 мамлекеттин жарандарынын маалыматтары бар. Телеканал бул туурасында Улуу Британия бийлигине кабар берди.
Телеканал документтин айрым бөлүгүн обоого чыгарды. Согушкерлер тайпага жаңы мүчөлөрдү кабыл алып жатканда атайын анкеталарды толтурткан. Ал жерде канынын тобу, энесинин тек-жайы, шариятты билүү денгээли, тажрыйбасы суралган.
Маалыматты берген согушкер аба соккулары күчөгөнүнө байланыштуу Сириянын Ракка шаарынан кетип, Ирактагы чөлдөргө багыт алганын кабарлаган.
Расмий маалыматтарга караганда, Сирия жана Ирактагы согушкерлердин катарына Кыргызстандан барып кошулгандардын саны 500дүн тегерегинде.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ