Коррупцияга каршы күрөш жүрүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков “коррупция менен күрөш токтобойт, мен эч кимди аябайм” деген эле өз сөзүндө. Убакыттын өтүшү менен ТЭЦ маселесинин күңгөй-тескейин «ичинен» билген, ошол ири коррупциялык иштерге жакындан аралашкан деген жүйө менен мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды. Аны менен катары Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов дагы мэр кезиндеги ири коррупциялык иштерге «команда» берди деген кине коюлуп СИЗОго киргизилди. Албетте, алардын күнөөлүү же күнөөсүз экендигине сот чекит коёт деңизчи, бирок, аларды «сүттөн ак» деген да жанды кашайтууда. Муну саясий куугунтук дегендер жаңылышат. Коррупция менен күрөш ушундай болот. «Жегичтер», «Мен жедим эле» деп айтчу беле!
Булак: De-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ