Menu

Анатолий Хегай, адвокат: «Аскат Түлөбердиевдин күнөөсү жок, ал болгону буйрукту аткарган»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-декабрда, Ленин райондук сотунда  УКМКнын тергөө абагында отурушкан Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун соттук отуруму уланууда.

Бүгүнкү сотто А.Масалиев көчөсүндөгү муниципалдык жер аянты тууралуу эпизод боюнча сотто күнөөлүү катары өтүп жаткан Аскат Түлөбердиевдин адвокаты Анатолий Хегай сүйлөп, ал «Бишкек башкы архитектурасы» мекемесинин жетекчиси Асхат Түлөбердиевге карата кылмыш ишин токтотууну  соттон суранды. Анын айтымында, анын күнөөсү жок, ал болгону буйрукту аткарган. Ага кылмыштын курамында бар деген далил жок.

Эске сала кетсек, К.Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деген айып менен камакта отурат. Ал эми А. Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен соттолууда. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып келишет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: