Menu

Замир Жоошев, адвокат: “Биз Сапар Исаковго чыгарылган өкүмдү жокко чыгаруу аракетин көрөбүз”

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция боюнча Свердлов райондук сотунда мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго чыккан өкүмдү жокко чыгаруу үчүн адвокаттары кийинки инстанцияга кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Сапар Исаковдун адвокаттарынын бири Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, соттун чечими туура эмес жана алар андай өкүм менен макул эмес. Өкүмдү жокко чыгаруу үчүн болгон аракеттердин жумшап, шаардык сотко кайрылышарын билдирген адвокат буларды айтты. “Ушундай өкүм чыгаарын биз билгенбиз. Себеби, тогуз айдагы соттук иште прокурорлордун бир да айыптоосу бекемделген жок. Ар бирин жокко чыгардык. Бул саясий буйрук менен ойдон чыгарылган иш. Бул Сапар Исаковду түрмөгө отургузуу максатында козголгон иш. Бул өкүм бийлик «эмнени кааласам ошону жасайм» дегендин белгиси. Жылуулук электр борборун модернизациялоодо эч кандай кылмыш жок. Тескерисинче, өлкөгө пайда алып келген. Ошондуктан айып тагылган сегиз кишини тең коё бериш керек болчу“,-дейт З.Жоошев.

Эске сала кетсек, кечээ, 6-декабрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иш боюнча соттук отурум уланып, айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, кечке маал соттун өкүмү чыккан. Сот экс-премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга кескен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: