Menu

Миргүл Бообекова, “Миссис Кыргызстан – 2019”: “Сынак мага чоң дем-күч берди”

Бөлүшүү:

“Кызы кыйын кыргыздын” деп элибиз бекеринен айтпаса керек. Бүгүнкү каарманыбыз Миргүл Бообекова биринчи кезекте мээримдүү эне, камкор жубай жана да өлкөнүн сулуу айымы болуп саналат. Ал 27-45 жаштагы айымдар арасында өткөн «Кыргызстандын сулуу айымы – 2019» сынагынын жеңүүчүсү жана «МRS. ASIA INTERNATIONAL  2019» сынагынын
катышуучусу жана жеңүүчүсү. Өлкөбүздө көп кыз-келиндер үлгү алчу айым десек жаңылышпайбыз. Каарманыбыз менен жакындан таанышсак.

—Миргул, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз, кайсы жердин кызы болосуз?

—Мен, Миргүл Бообекова Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-суу районунда Кереге-Таш айылында туулуп өскөнмүн. Учурда 2 баланын апасымын. Уулум 15 жашта болсо, кызым 2 жарым жашта. Жогорку билимди КГУСТАдан алгам, экономика факультетин аяктагам.

—Өлкөбүздө айымдар арасында өткөн сынакта жеңүүчү болуптурсуз, кандайча катышып калдыңыз эле?

—Кыргызстанда өткөн сынакка курбумдун сунушу менен катышып калгам. Кастинг болуп жатканын айткан, барып катышып кастингден өтүп кеттим. Анан даярданып баштадым. Жалпы сынак боюнча айта кетсем, сынакта 100 кыз болчубуз. Тандалып отуруп акырында 28 кыз калдык. Ошол кыздар 3 ай бою даярдандык, бир үй-булөдөй болуп калдык. Сынакта жеңүүчү болуу оңойго турган жок деп айтат элем. Себеби бул сынак турмушка чыккан, бака-бакыралуу айымдардын  арасында ойнотулчу конкурс болгондуктан, үй-бүлө менен чогуу алып кетиш керек болчу. Таланттарыбызды көрсөтчү талаптары дагы жогору эле. Даярдануу аябай кызыктуу болуп жатты.

—Талапкерлер арасында атаандашуу болдубу?

—Албетте. Канчалык ыйтымактуу болуп, бир үй-бүлөдөй болгонубуз менен бири-бирибизге карап атаандашуу болуп жатты. Атаандашуу болбой койбойт экен. Атаандашпасак дагы жакшы даярдана албай калабыз дегендей… Бири-бирибизден өтүп сулуу көрүнгүбүз келди.

—Сынакта жеңүүчү экениңизди укканда кандай сезимдер болду?

-Биринчи орунду алганымды укканда ыйлап жибердим. Баары күтүүсүздөн болду. Аябай сүйүнүп, кубанычымда чек жок болуп, толкундандым.

-Андан кийин катышкан Азия сынагы тууралуу айта кетсеңиз?

—Жолдомо кийин Азия сынагына болду. 25 сулуу айым катышкан сынактан дагы биринчи орунду камсыздадым. Ал жакта дагы кызыктуу окуялар, сонун күндөр болду. Дагы бир айта кетчү нерсе атаандашуулар Кыргызстанга салыштырмалуу өтө күчтүү деңгээлде болду. Ар бир айым биринчи болсом экен деген аракети байкалып жатты. Мен сынактын башынан аягы-на чейин жылмайып, көтөрүңкү маанай менен өлкөбүздүн намысын коргоп жаттым. Сынакта биринчи орунду гана камсыз кылбай, мен көрсөткөн сынактык формалар боюнча дагы биринчи орунду жеңдим. Жеңишти багындырганымда дагы аябай сүйүндүм. Сынактагы жеңиштен кийин менде жашоого болгон чоң умтулуулар пайда болду. Себеби дегенде бардык нерсеге ишениш керек экен. Ишенсең гана ошол кыялданган нерсеңе жетет экенсиң. Азия сынагына аттанып жатканда корккон элем. Бирок өзүмө өзүм ишенгендиктен, ар бир талапкатыкыр даярдандыктан жеңишти камсыздай алдым деп ойлойм. Жеңиш менен кайтып, ал өлкөдө Кыргызстандын желегин желбиреткениме сыймыктанам.

—Сынактан кийин өзүңүздө кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү байкадыңызбы?

—Конкурстан кийин менде өзгөрүүлөр абдан көп болду десем болот. Себеби дегенде жаңы досторуң пайда болот экен, жаңы катыштар, жаңы алдыга умтулуу, жаңы максаттар… Ошолорду көздөп эле өзүмдүн ар бир бош убактымды текке кетирбей пайдалуу өткөргөнгө аракет кылып калдым. Дайыма сулуу жүрүш керек экендигин байкадым. Өлкөдөгү жана чет өлкөдөгү сынактарды жеңип келген соң балдары менен отурган айымдарга өзүмдү үлгү катары көрсөтүшүм керек экендигин түшүндүм.

—Келбетиңизди бир калыпта алып жүргөнүңүздүн сыры менен бөлүшө кетсеңиз?

—Мен келбетимди бир калыпта алып жүрүү үчүн спорт менен машыгам. Спорт менен машыккан адамдын ден соолугу чың болот, сулуулугу да сакталат, келбети дагы жайында болот деп айтсам болот. Биз айымдар өтө деле толуп кетпешибиз керек. Атайы диета кылып, мүнөздөп деле тамактанбайм. Болгону камырдан жасалган тамак-ашты аз-аздан жейм. Жалпы эле тамактанууда аз-аздан, бирок аралыгы 2-3 саатта тамактанууну адат кылып алгам. Анан ар дайым күлүп, жылмайып жүрүү керек деп эсептейм. Себеби күлкү дагы биздин ийгиликтердин башаты болуп эсептелет.

—Айымдарга сулуулук жаатында кандай кеңеш берет элеңиз?

—Сулуулук сырлары дегенде адам сыртын эле боеп албай, алгач ички дүйнөсүн оңдоосу керек. Анткени жан дүйнө сулуулугу сыртка чыгат. Анан ар бир аялзаты өздөрүнө кам көрүшү керек деп ойлойм. Азыр 21-кылым, бардык нерсе бар, даяр заманда жашап жатабыз дегендей. Жогорку сапаттагы косметиканы өзүңүздөн аябаңыз, маска коюудан эринбеңиз. Анткени жаштын өтүшү менен тери кошумча аракеттерди талап кыла баштайт. Бардык айымдар сулуу, болгону ошол сулуулукту туура багытта алып жүрүү керек. Мисалы боенгондун да өзүнүн чеги, кийингендин да өзүнүн чеги болот. Ошонун баары айкалышып, төп келип турса эле сулуулук жаралат. Анан ар бир сүйлөгөн сөзүн сулуу болушу керек, мамилең, жакындарына, балдарыңа, ата-энеңе жасаган аракетиң сулуу болуш керек. Ички жан дүйнөң тышкы келбетиңди чагылдырып турат, баары аракеттен көз каранды. Аракет кылган айым сөзсүз сулуу боло алат. Жылмаюуну да сулуулук деп санайм. Майда-майда нерседен чон ийгиликтер жаралат эмеспи. Өзүн карабаган айым сулуулугун да, келбетин да жоготуп алат. Биз болсо жакындарыбызга керекпиз.

—Өзүңүз эмне менен алектенесиз?

—Учурда ишкерлик менен алектенем. Соода жаатында жумуш кылам.

—Алдыда кандай ой-максаттарыңыз бар?

—Алдыда кудай буюрса чон ой-максаттар бар. Сынак мага абдан чоң дем-күч берди, өзүмө дагы абдан чоң ишеничтер пайда болду. Бизнес тармагын кеңейтип, Кыргызстанга аз да болсо пайдам тийсе деп аракет кылып жатам. Кайрымдуулук иштери боюнча аракеттер жүрүүдө. Адам баласына пайда алып келе турган нерселерди иштеп чыгуу максатым бар. Калган пландарым азырынча сыр боло турсун.

Назгул Исаков

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: