Menu

Сугат жерлерге мөмө-жемиш дарактарын отургузуу максатында мораторий коюлган тиешелүү мыйзамга түзөтүү демилгеленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңеш жыйынында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында КР айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев мыйзам долбоорун жактады.

Мыйзам долбоору жер кыртышын кунарсыздануудан коргоого, ошондой эле сугат жерлеринин кыртышынын сапатын калыбына келтирүү максатында көп жылдык мөмө-жемиш дарактарын отургузууга жана көбөйтүүгө багытталган.Сунушталып жаткан толуктоо интенсивдүү айыл чарбаны өнүктүрүүгө түрткү берет. Мындай түзөтүү менен дыйкандардын экономикалык жактан пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрүүсү шартталат.

Долбоор аркылуу сугат айдоо жерлерин көп жылдык дарактар отургузулган жерлерге которууга түзөтүү киргизилген.

Талкууда талаш жараткан маселе бак-дарактарды дал ушул сугат жерлерине тигүү демилгеси болду.

Депутат Бахадыр Сулейманов мындай толуктоо менен сугат жерлерин жоготуп алуу коркунучу жокпу деген кооптонуусун билдирди. Баяндамачынын айтымында,  долбоор аз түшүм берген же алыстагы айдоо жерлерине бак-дарак тигилерине басым жасалып жатканын чечмелеп берди. Мындан сырткары дыйкандардын экономикалык жактан пайда түшө турган өсүмдүктөрдү – мөм- бак-дарактарын, карагаттарды, алча, чие жана башкаларды тигүүгө ниеттенип жатканын кошумчалап, Баткен облусун мисалга тартты.

Мындай түзөтүү киргизүү менен дыйкандар отосунда кандайдыр бир түшүнбөстүктөр чыкпаш үчүн мыйзам алдындагы актылар – эрежелер иштелип чыгаары белгилүү болду.

Алтынай Өмүрбекова, Сайдулла Нышанов өңдүү бир катар депутаттар азык-түлүк коопсуздугун баса белгилеп, бул маселеге өтө аяр мамиле жасоого чакырды. “Алгач кумдак, таштак жерлерди, кайракы жерлерди иштетип, аларга бак-дарак отургузууга уруксаат алуудан баштоо керек”,- дейт депутат Кенжебек Бокоев. Депутаттар Мурадыл Мадеминов, Кожобек Рыспаев, Акылбек Жапаров дыйкандар өз үлүшүнө эмне айдап бутуна турушун колдоо үчүн сунушталган мыйзам долбоорун колдоого чакырышты.

Соңунда мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: