Бүгүн, 9-декабрда «Белгилүү маршрут» аттуу акция башталат. Бул тууралуу активист жаран Аманбол Бабакулов билдирди.
Анын айтымында, аталган акцияны журналисттер Канышай Мамыркулова менен Элнура Кулуева уюштурууда. Акциянын максаты — улуттун улуулугун бийик тутуу, каада — салт, үрп — адат, нарк-насил, улуттук баалуулук, улуттун уңгусун жана өзөгүн түшүндүрүү. Кыргыздын салты боюнча кызуу талкуу болот, ага бардык жаран катыша алат, баарына сөз берилет. Каалоочуларды “Белгилүү маршрут” саат 10.00до Кыргыз драма театрынын алдында күтөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ