Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов “Бишкекте былтыркыдай түтүн болбойбу?”, – деп сурады.
Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев белгилегендей, ЖЭБге быйыл 60 жыл болот жана ушул убакка чейин түтүн маселеси көтөрүлө элек, акыркы 5 жылдан бери маселе көтөрүлүп келет. Балким, бул транспорттун, борбордун айланасындагы турак жай массивдеринин кесепетинен болсо керек, деп ал божомолдоду.
«Жыл сайын оңдоо иштери жүргүзүлүп, быйыл 70 млн сомго 3 электрофильтрлер капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Жаңы блоктордо заманбап тазалоо тутуму жана күкүрт тазалоо тутуму орнотулду. Дүйнөдө мындай фильтр бир нече ишканаларда орнотулган. Эгер көңүл буруп карасаңыз станциянын жанында түтүн жок», – деди Воропаев.
Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары транспорт жана чакан ишканалар менен байланышкан маселелер бар деди. «Биз былтыр алар менен күрөшкөнбүз. Айып пул салынган. Жумуш улантылат», – деди ал.
Депутат Икрамов импорттолуп жаткан унаалардын катализатору бар-жогун текшерип чыгууну суранды. «Жеке секторду текшергиле, кээ бирлери резина өрттөшөт. Көчөдө, жада калса үйлөрдүн ичине кара түтүн кирет, – деди Икрамов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ