Menu

Видео – Казакстан жолдорунда ар бири 60 миң долларлык ажатканалар салынууда

Бөлүшүү:

Трассаларда ар бири 60 миң доллар турган ажатканаларды орнотуу жөнүндөгү жаңылык казакстандыктардын нааразылыгын жаратууда. “Казатожол” улуттук компаниясы өлкө боюнча 304 даараткана орнотуу ниетинде.

“Казатожол” улуттук компаниянын төрагасынын орун басары Талгат Смагулов санузелдер инвесторлордун эсебинен орнотулары, бирок бюджеттин эсебинен тейлене турганын билдирди. Жаңы типтеги ажатканаларды тейлөөгө болсо бир жылда 1 500 000 теңгеге чейин каражат кетиши мүмкүн.

Учурда заманбап ажатканалар Казакстандын түндүгүндө орнотулууда. Кийинчерээк долбоор бардык аймакты камтыйт.

Бул арада жеке компаниялар ушундай эле ажатканаларды эки эсе арзан орнотсо болорун билдиришүүдө.

Ноябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев Көкшетау шаарына барып, жолдогу сервисти сындап, дал ушул туристтерди качырып жатканын айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: