Маалыматтарга караганда Кыргызстанда чет элдик 45 майнинг-ферма иштеп, алар өлкөнүн үч облусу сарптай турган көлөмдөгү электр кубатын пайдаланат.
Быйылкы жылытуучу сезондо Кыргызстан электр кубатын импорттой тургандыгын Улуттук энергетика холдингинин жетекчиси билдирди.
Ал Кыргызстанда чет элдик 45 майнинг-ферма иштеп, айына 100 миллион киловатт-саат электр кубатын колдоноорун билдирген. Салыштырмалуу эсептей келгенде, үч облус — Нарын, Ысык-Көл жана Талас керектеген көлөмгө туура келген. Аларга тыюу салынган. Назаров “кардарлардан баш тартуу аңкоолук” болорун, бирок алар социалдык тариф менен төлөп жаткандыгын айткан. Анын пикиринде майнерлерге мындай баа менен сатууга өкмөттун токтому бар экендигин, бирок электр энергиясы Казакстандан алып келинерин белгиледи. “200 мегаватт алууга алдын ала макулдаштык. Андан сырткары, суунун аздыгынанулам электр кубаты тартыш болуп калат деген тобокелдик бар, ошол учурда импорттолгон продукцияны колдонобуз. 2019-жылы сатып албайбыз, бирок быйылкы жылуулук сезондо алышыбыз мүмкүн”, — деген ал.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ