Оштогу көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан кулаган кыз каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кокустук» катары катталган. Кырсыктын чоо-жайын Ош ШИИБ териштирип жатат.
Ал эми Ош облус аралык бириккен ооруканасынын дарыгеринин айтымында, көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан кулаган 20 жаштагы кыздын сөөктөрү майдаланып кеткен. Ал эсине келе албай, көз жумган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ