Menu

Абдылдажан Акматалиев, академик: “Айтматов жөнүндө айтылбаган сөз көп…”

Бөлүшүү:

-Абдылдажан агай, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү – 12-декабрь жакындап келе жатат. Быйылкы кышкы иш-чарага кандай пландарыңыздар бар?..

– Кыштын да, 12-декабрдын да келип калганын өзүм жакында байкап жатам. Себеп дегенде, иш менен алек болуп жатып, күндүн-түндүн кантип өткөнүн билбей калыптырмын.

А Айтматовго келсек, оюмда бип план жүрөт – ал “Айтматов жөнүндө сөз: улуу инсан жана коомдук ишмер” деген конференция өткөрүү. Буга чейин ар түрдүү формаларда жана мазмундарда иш-чараларды өткөрүп келгенибизди жакшы билесиң. Алсак, өткөн жылы 90 жылдык мааракесине карата “Мен билген Айтматов” деген темада конференция уюштуруп, көп замандаш академиктер, корреспондент-мүчөлөрдөн, адабиятчылардан, жазуучулардан ж.б. жакшы эскерүүлөрдү жазып алдык, азыр аларды ирээтке келтирип жатабыз. Быйылкысы болсо 40-50 жыл бирге замандаш болгон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин ой-пикирлерин алып калалы деп жатабыз. Айтматов жөнүндө замандаштарынын айта турган сөздөрү көп. Бул оюмду айтсам, кесиптештерим колдоду.

– Ошондо кимдер, так айтсаңыз болобу?!

– Ооба! СССР учурунда да, кийин V Эгемендүүлүк мезгилде да Чыңгыз Айтматов менен үзөңгүлөш жүргөн Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Турсунбек Чынгышовдор менен жолугушуу уюштурсак деп байланышып жатабыз. Алардын пикирлери да өтө кызыктуу. Чыңгыз агай булар менен көп жылдар бою мамлекеттин жана коомдун жүгүн аркалап келген болчу. СССРдин жана Кыргызстандын бир нече жыл съезддеринин делегаты, президенттеринин кеңешчиси, элчиси…

Айтматовдун мамлекеттик жана коомдук ишмердүүлүгү өзүнүн жасаган иштери, жолугушуулары менен гана чектелип калган жок. Ал өзүнүн “Гезитчи Дзюйо”, “Ашым” сыяктуу аңгемелеринен тартып, публицистикаларында, докладдарында жана маектеринде Тынчтыкты сактоо маселелерин биринчи орунга коюп келгени баарыбызга белгилүү эмеспи! “Ысык-Көл форумун” эле алалычы! Мамлекеттик жана коомдук ишмердин негизги милдеттеринин бири – элдин бейкуттугун, бейпилдигин, жыргалчылыгын, ынтымагын, биримдигин ойлоо, ошого башкаларды үндөө жана иш-аракети менен көрсөтүү болуп саналат. Айтматов бул жоопкерчиликти жана милдетти өтө гумандуулуктун туу чокусунда аткара алган. “Чингиз Айтматов как символ духовного сближения и сотрудничества” деп келишет чет жердегилер. Кыргызстандагы Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Турция мамлекеттеринин да элчилери менен кечелерди өткөргөндө бул ойду бекемдешкен.

– Чынында Чыңгыз Айтматовдун коомдук ишмердүүлүк бейнеси жакшы ачылбай келе жатат.

– Айтматовду дүйнөлүк президенттер, королдор, премьер-министрлер, сенаттар, мэрлер, губернаторлор ж.б. кызыгып окушкан, өз бааларын беришкен. Жазуучу дүйнөдөн кайтканда көңүл айткан телеграммалар, каттар жазгы нөшөрдөй жаады го! Баарын топтоштуруп “Тил жана адабият” журналын чыгарып койдук.

– “Ата-Бейитке” барасыздарбы?

– Кудай буюрса! Салт боюнча куран окутуп, жан дүйнөбүз менен “маектешип” кайтабыз да. А экинчи бир “Айтматов окуулары” деген иш-чарага даярдыктарды көрө баштайбыз. Мындан үч ай мурун жазуучунун “Ак кеме” повестин, кыргыз орус тилдеринде “Кылым карытаар бир күн” романын жарыялаганбыз. Республикалык тест түзүлүп, сыноолор бир маалда өткөрүлөт. Бардык окурмандар 15-декабрда катыша алышат, азыр катышуу боюнча сунуштар кабыл алынууда. Атайын сыйлыктар бар. 21-декабрда конкурстун жыйынтыгын чыгарып сыйлык тапшыруу аземин өткөрүү пландаштырылып жатат.

И баса, жакында эле Ички иштер министрлигинин академиясында “Айтматовго таазим” деген кече өттү, “Кызыл алма” деген бакчага белги коюлду. Мына декабрь ичи жазуучуга болгон сый-урмат көрсөтүлүп, бир топ жолугушууларга барууга туура келет.

– Сиздердин институт Айтматовдун чыгармаларын изилдеп, чыгарып, минтип пропагандалап жатасыңар…

– Биздин негизги максатыбыз жалпы эле кыргыз фольклору, акындар поэзиясы жана профессионалдык адабиятына багытталган, албетте, Чыңгыз Айтматов менен “Манас” эпосу алардын чордонун түзөт.

– “Айтматов энциклопедиясы” толукталып, уланабы?!

– Кудай буюрса! Материалдарды үйрөнүп, изилдеп, ирээттеп жатабыз. Мисалы, жазуучунун чыгармаларынын араб тилине которулушу кеңири материалдар менен берилүүгө даярдалууда. Адабиятчы Джалил-Камал-ад-Дин Ч.Айтматовду “пионер реалистического реализма” деген макаласын жарыялаган. “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” повесттерин Абу Бакр Йусуф которгон. “Кылым карытаар бир күн” романын Атиф Абу Джамра которсо, “Кыямат” романын Маджид Аль ад-Дин которгон. Ал эми “Тоолор кулаганда” романын араб окурмандарына жеткирген Хашим Хумади болуп эсептелет. Сирияда, Иракта, андан тышкары “Прогресс” басмалары чыгармаларды басышкан. 2018-жылы ирак журналисти Салам Ибрагим Куба “Айтматовская литература и иракская демократическая молодежь” деген макала жазып, ирак жаштарынын көз караштарын калыптандырууда жазуучунун чыгармалары оң таасир бергенин баса белгилептир.

Ал эми италиялык сынчы Л.Контесси мындай дейт: “Читая повести Айтматова, мы невольно попадаем под очарование атмосферы экзотики и сказки. Это происходит потому, что автор вводит нас в мир своего народа, очень отдаленного от них, народа, унаследовавшего мудрость предков и любовь к жизни, присущую не только человеку, но и всему живому…”

Энциклопедияга материалдар жыйналып жатат.

– Казак агаиндерчи?

– Аулга да кеп турар,

Аулга да бет бурар.

Ала-Тоо менен Алатау

“Шыңгысымыз!” – деп турар – дегенин билем.

-Айтмакчы, жазуучунун “Алтын жана кар” аңгемеси жөнүндө кошумча пикириңиз барбы?!..

– Өткөндө ал тууралуу алгачкы оюмду билдирген элем. Аңгеме күлүк ат Гүлсаратты, карышкырлар Акбара менен Ташчайнарды кандайдыр бир деңгээлде эске салат. А бирок, карышкырлар аңгемеде чыныгы жырткычтар, аларда күлүк атты аёо сезими жок. Өздөрүнүн ачка курсактарын тойгузуу үчүн карышкырлар күлүк атты кууп жүрүп жардан кулоого мажбур кылат.

Жазуучу күлүк аттын табиятына туура келген бардык “касиеттерин” өтө чебер сүрөттөгөн. Табияттагы жандыктар бири-бирине карама-каршы жаралган, бири-бирине жан сактоо үчүн жаралган.

– 12-декабрь Улуттук жазуучулар күнү дагы эмеспи?..

– Туура айтасың, сисмволдук маани болсун деп Айтматовдун туулган күнү менен Осмоновдун дүйнөдөн кайткан күнүн белгилешкен. Бирок, иш-чаралар эки калемгерге гана пландаштырылып, калган классик акын-жазуучулар сыртта калып калат экен. Он жылдан бери эле ушундай өнөкөт менен кетип жатыптырбыз. Муну эң биринчи байкаган маркум жазуучу Казат Акматов болгон. Ал мага бир нече жолу “Айтматовдун күнүн 12-декабрда белгилешибиз туура, ал эми Улуттук жазуучулар күнүн башка датага жылдырбасак болбойт, алар (А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков ж.б.у.с.) Айтматовдун дүйнөлүк көлөкөсүндө калып калат экен” деген. Мен да туура көргөм, “Президентке кат жолдойм” – деген, жетиштиби, жетишпедиби билбей калдым. Өткөндө жазуучулар менен жолугушууда маркум Казат Акматовдун оюн айтсам, алар жакында боло турган съездинин күн тартибине киргизип карай тургандыктарын билдиришти.

– Маегиңизге рахмат!

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: