Menu

Абдылдажан Акматалиев, академик: “Айтматов алтынга эмне үчүн кайрылган?..”

Бөлүшүү:

Чыңгыз Айтматовдун “Золото и снег” аттуу мурда жарык көрбөгөн чыгармасы басмадан чыкты деген маалымат тарагандан бери менден бул китеп жөнүндө сурагандар көп болду. “Ушундай чыгармасы бар экенин билчү белеңиз?”, “Эмне үчүн буга чейин жарыяланбай келген?”, “Эмне үчүн жазуучунун 90 жылдыгына карата чыгарган 10 томдукка киргизген жоксуңар?”, “Чыгарма эмне жөнүндө?” ж.б.

Башталып, бирок ар кандай себептер менен бүткөрүлбөй калган нерселерге турмушубузда көп эле күбө болобуз. Дегеле турмушта «башталган иш сөзсүз бүткөрүлүш керек!» деген мыйзам да, буйрук да, магиялык ишеним да жок. Өзгөчө чыгармачыл адамдарда мындай көрүнүш көп эле кезигет. Кайсы бир идеяга, темага кызыгып, же кандайдыр бир окуяга, көрүнүшкө таасирленип, чыгарма жазууну пландаштырып, кызуулана киришип же ортолоп барганда баягы ашыктырган эргүүнүн табы кайтып, кызыктуу, оригиналдуу чыкчудай көрүнүп жаткан көркөм идея өтө эле жупуну, баналдуу сезилип, сүрөткер өз оюнан айнып, токтотуп койгон учурлар болот. Кээде турмуштук кырдаал, шартка жараша кызыктуу иш көпкө үзгүлтүккө учурап калып, кийин улантуу үчүн атайын чыгынып отурган күндө да иш уланбай, баштагы ойдун учугу табылбай калышы да мүмкүн. Коомдук пикир, саясий кырдаалдар да таасир этиши мүмкүн. Чыгармачылык – бул татаал процесс, кээде кандайдыр бир идея, ойду бериш үчүн жазуучу улам бир башка ыкма, каражат, жолдорду пайдаланып, улам бир элестердин жаңы эскиздерин түзүп, кайра аларды жаратпай, таамай деталь издеп, салыштырып, талдап өнүктүрүп отуруп, акыры бир нече варианттын бирөөсүнө токтолушу мүмкүн. Мындай жарым бет, бир беттен тартып 40-50 беттик «башталмалар» жазуучулардын «сыр сандыгында» көп эле болот. Чыңгыз агайдын кол жазмаларынын арасында да мына ушундай «абшталмалар» бар экендиги жөнүндө мен окурмандарга мурда да бир нече ирет айтканмын.

Ч.Айтматов 90-жылдардан тартып алгач Москвада, андан кийин Европада жашап калды. Кыргызстанга келгенде, албетте агайды ар кандай жолугушуу, иш-чаралардын бошотушчу эмес. Эң соңку «Тоолор кулаганда» романын элчилик кызматта жүргөндө бүтүрүп, басмага бергенге чейин эле электрондук вариантын мага ошол жактан салып, мен окуп пикиримди айтып, анан Чыңгыз агай «берип кой» деген кишилерге берип, китеп болуп чыкканга чейин эле таанышкан элек. Ал түгүл кийин романдын бир бөлүгү болуп кирген Жаабарс жөнүндөгү бөлүмдү 2003-жылы жазуучунун 75 жылдыгына карата түзгөн «Мир читает Айтматова» деген жыйнакка (Бишкек, «Шам» 2003) киргизген элем. 2005-жылдын башында романдын дагы бир бөлүгү болгон «Өлтүр, өлтүрбө» өзүнчө аңгеме катары «Слова Кыргызстана» гезитине 2003-жылы жарыяланган. 2006-жылы «Тоолор кулаганда» колубузга тийди. Бирок мен 2003-жылы Жаабарс тууралуу үзүндүнү окуганда алгач «Богоматерь в снегах» аттуу дагы бир бүтпөй калган романдын үзүндүсүндөгү Тигрий Рыжов деген каарманга параллель образы болуп, бир чыгармага биригет го деп болжодум эле, бирок андай болбоду. Балким жазуучу да алгач ушундай эле пландаштыргандыр, себеби Тигрий Рыжов менен Жаабарстын ортосунда ысымдардын үндөштүгү эле эмес, окуяны баяндоонун жүрүшүнөн атайылап даярдалган үндөштүктү кадимкидей сезүүгө болот. «Богоматерь в снегах» («Кардагы Умай эне») 1988-жылы «Литературная газетага» чыккан. Кийин доор алмашып, баалуулуктар өзгөрө баштады, ушуга жараша жазуучунун чыгармачылык планындада өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Ушул себептуү, согуш жөнүндөгү өзгөчөлүктүү чыгармасын согуш акыны А. Твардовскийге көрсөтүүнү досуна аманат кылган Тигрий Рыжовду да, анын досун, саясатка жалданбаган искусствонун эркиндиги жөнүндө ишенимдүү көз карашы бар художник, журналист Сокологорскийдин образын дагы кандайдыр бир деңгээлде эске салган, чыгармачылыктын учур талабынын көйгөйлөрүн чагылдыруу ыйык милдетин аткаруу мүдөөсүнөн улам келип чыккан жаңы образ – Арсен Саманчиндин образы жаратылгандыр?.. Чыгармачылыктагы ушундай көрүнүштөрдү карап олтуруп, жазуучунун «Алтын жана кар» аттуу үзүндү чыгармасын «Тоолор күлаганда» романынын жазылуу процессинде пайда болгон эскиз-бөлүктөрдүн бири же романдын идеялык-эстетикалык мазмунунун өнүгүш логикасына байланыштуу пайда болгон өз алдынчалыктуу параллель сюжет катары карасак болот.

«Тоолор кулаганда» менен «Алтын жана кар» экөөндө тең экология темасы биринчи орунда турат. Табият экологиясы менен катар бүгүнкү күндө жан дүйнө экологиясы («экология души») деген түшүнүк, сөз айкашы туруктуу түшүнүк катары кабыл алынып калды. Чарбаж үргүзүүнүн, өндүрүштүк мамилелердин социалисттик системасы кыйрап, рынок заманы келгенде өндүрүштүк жаңы мамилелер жолго салына албай, рыноктук экономиканын жапайы, стихиялык формасы орун алды. Башкача айтканда, калктын бардык катмарында күнүмдүк керектөө, сатып алуу зарылдыгы бар, бирок ошого мүмкүндүк берээр булак – өндүрүш, алмашууга, сатууга коюлуучу товар жок же жетишсиз. Мындай шартта эл да, мамлекет да колуна илингенин алды-артына карабай сатууга киришти. Мамлекет кызматкерлерге, мугалимдерге айлык, кары-картаңдарга пенсия, жөлөк пулдарды берип экономикалык кризистик жарылуулардан сактаныш үчүн мамлекеттин менчигиндеги кен байлыктарды сата баштады, Арсен Саманчиндин Бектур агасындай тың чыкмалар жергиликтүү байлыктарды ээлеп алып, аны кирешелүү (эмираттык принцтерге) сатуунун жолун издеп баштады. Эрташ Курчалдар массалык «оптовая культура» сатууга өтүштү. Экономикалык каатчылык руханий, адеп-ахлактык каатчылыкты алып келди. «Тоолор кулаганда» романында автордук идеяны алып жүрүүчү протогонист каарман Арсенди өзүлөрү бакпаган, тикпеген жаратылыш байлыгын – тоолордун сөөлөтү, дөөлөтү болгон барстарды сатуу иши бир жагынан кыжаалат кылса, экинчи жактан Таштанафган баштаган классташтарынын кедейчиликке жандары кашайып, элдин кызыкчылыгы, адеп-абийир, мамлекеттик аброю, тынчтыгы деген түшүнүктөргө кылчалык көңүл бурбастан, каракчылык психологияга жетип калышканы таң калтырып, үрөйүн учурат. Б.а. бул жерде жаратылыш экологиясы жан дүйнө экологиясы менен тыгыз биримдикте көтөрүлөт.

Ал эми «Алтын жана карга» келе турган болсок, теманын аталышында катар коюлган эки көрүнүш – бир маселе: алтын же мөңгү маселеси Кыргызстан эгемендуүлүк алгандан бери чечүү зарылдыгы, тандоо зарылдыгы курч коюлуп , бирок чечилбей келе жаткан маселелерден. Казынасы бош, өз алдынчалыкты колуна жаңы алган жаш Кыргыз мамлекети утурумдук жыртык-тешигин бүтөй турчу каражатка жетиш үчүн сатыкка коё турган көрүнүктүу товары-алтын кендери эле. Алтын кенин сатпаса мамлекет ачка калат, сатса табийгатка доо кетирип, келечек муунга калчу кооз табияттын кутун учуруп, келечекте ачылчу кооз гүлдөрдүн, мөмө берчү жемиш бактардын тамырын соолуткандай мөңгүлөрдүн кыйрашына шарт түзүлөт. Бул иш канчалык кылдат жүргүзүлгөн күндө да табийгатка тийчү залакадан кыйгап өтүү деги эле мүмкүн эмес. Эгемендүүлүктүн башталышындагы курч, кысталыштуу (критический) абалда алтын жана кар (же мөнгү) маселесинде коомчулук биринчисин тандоого аргасыз болду. Бирок мындай тандоону, ушундай багытты дайымкы көнүмүшкө айлантып алуу өтө опурталдуу, келечек үчүн кооптуу иш. Мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилердин табияттын эсебинен алынуучу оңой олжого, ал түгүл олжонун үстүнөн калпып алынчу мыйзамсыз табылгага кынык алышы, эртеңки келечек жөнүндө кабатыр болбогондугу жазуучуну тынчсыздандыра баштаганын кылым жаңырган мезгилдин ары жак, бери жактарында берген маек, макалаларынан ачык эле байкоого болот. Жазуучуну тынчсыздандырган ушул ойлор ага «Тоолор кулаганда» романындагы, «Алтын жана кар» аттуу үзүндү чыгармасындагы көрүнүштөрдү жазууга түрткөн болуу керек.

«Адам, – Энгельс айтмакчы, -коомдук жандык». Коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөр адамдардын психологиясына билинип-билинбей көп таасир тийгизет. «Тоолор кулаганда» романындагы эски башкарма, айылдын көрүнүктүү адамы болгон Бектур сыяктуулар тоодогу табияттын эркин макулуктарын өзүнүн жеке менчигиндей көрүп, сыртынан соода жүргүзүүгө адистешип жатса, мамлекеттик кызматкерлер өнүгүүнүн цивилизациялуу багытын калыптандыруунун ордуна табиятка талоончулукту өнүгүүнүн оңой жолу катары пайдаланып жатышса, карапайым калктын Таштанафган сыяктуу өкүлдөрүндө «башкалар талап алып жаткан жалпы мүлктөн мен эмне үчүн өз үлүшүмдү албашым керек» деген бузук ойдун пайда болбошуна ким кепилдик берет? Эгерде коомдо жетекчилер, көрүнүктүү инсандар: «мен өзүм эккен-тиккен, жумшаган эмгегимдин натыйжасынын гана пайдасын көрүүгө укуктуумун» деген принципти карманып, ушундай табигый адилет принципти жайылтууга салым кошушса, коомдук психология өзү эле акырындап жолго түшмөк. Коомдук мамиледеги табигый адилет принциптерди сактоо дегендин өзү адамдардын жан дүйнөсүнүн, коомдук түшүнүктөрдүн экологиясын сактоо, о.а. «жан дүйнө экологиясын» коргоо болуп саналат.

«Алтын жана кардын» башкы каарманы, айыл жерлериндеги миңдеген ардагерлердин бири, эски мугалим Оймо байбичени түйшөлткөн маселе да жаратылыш экологиясы жана жан дүйнө экологиясы. Оймо карыя үйүнүн терезесинен күндө көрүнүп, өзүнүн заңкайган бийик, ак карлуу сөөлөтү менен суктандырган, сыймыктандырган тоолор бузулуп, алтыны казыла баштаса пайдасы канча да, зыяны канча деп түйшөлөт. Бул боюнча телевизордон, радиодон, гезиттерден күндө айтылып жаткан карама-каршылыктуу пикирлердин кайсынысына ишенерин билбей башы маң болот. Казуу ишине башка эмес, өзүнүн небереси (багып алган кызынын кызы, Оймо кемпир да «Түбөлүк колукту» легендасынын каарманындай болуп, согуштун кесепетинен турмушка чыкпай, өмүр бою жалгыз калган) аралашып жүргөнүнө карабастан, канчалык жүйөөлүү пикирлерди укпасын, баары бир жүрөгүнүн түпкүрүндө түбөлүктүү кооздуктун, түбөлүктүү залкарлыктын символу болгон тоолордун урашына каршы. Бүтпөй калган бул чыгармада да «Тоолор кулагандагыдай» ретроспективдүү планда согуш темасы козголуп, согуш учуру сүрөттөлүп өтөт. Ошондой эле бизге жакшы тааныш Айтматовдук поэтика, көркөм стилге таандык жаныбарлардын образын символдук-метафоралык мааниде жарыш сүрөттөө, жанга шерик акылдуу, күлүк ат, анын карышкырларга жем болушун сүрөттөгөн эпизоддорду учуратабыз. Күлүк ат менен жырткыч карышкырлардын кармашы – бул табияттагы оң-терс күчтөрдүн түбөлүктүү күрөшүнүн бир көрүнүшү.

Жыйынтыктап айтканда, «Тоолор кулаганда» романы менен байланышта жаралганбы же андан кийин өз алдынча эле жаңы чыгарма катары башталганбы, кандай болбосун «Алтын жана кар» өзүнүн логикалык жыйынтыгына жеткире бүткөрүлгөн болсо, учурдун адабий процессиндеги көрүнүктүү фактылардын бири болмогу ырас. Ошентсе да, «Алтын жанакар» аттуу ушул аягына чыкпай калган чыгармасынын колго тийген тексти көркөм сөздүн улуу чеберинин калеминен чыккан үлгүлөрдүн бири катары жазуучунун чыгармачылыгына тийиштүү тарыхый фактылардын бири катары маанилүү экендиги талашсыз. Жазуучунун сыр сандыгынан табылып, басмадан жаны жарык көргөн үзүндүнү окуганда пайда болгон алгачкы пикирлерим ушул, урматтуу окурман.

Абдылдажан Акматалиев, академик

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: