Menu

Тынчтыкбек Шайназаров, ЖКнын депутаты: “Кой-Таш окуясы боюнча укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги сөзсүз каралат”

Бөлүшүү:

Бүгүн Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун депутаттар парламенттин жалпы жыйынында карашат. Буга чейин комитетте корутунду тууралуу учкай маалымат айтылып, суроо-жоопсуз жабылган. Ал боюнча нааразылыктар жаралган. Бир тобу бүгүн деле кыйраткан талкуу болорунан шек санашат. Анткени, «баары алдын ала чечилип калган» дешет. Докладчы депутат Тынчтыкбек Шайназаров кыскача төмөнкүлөргө токтолду.

– Тынчтык мырза, Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын жыйынтыгы эмне үчүн комитетте талкууланган жок?

– Анткени, корутунду жарым сааттык, үч бөлүмдөн турат. Анда хронология баары так көрсөтүлгөн. Күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги да камтылган. Ошондуктан, кайра-кайра кайталай бербеш үчүн биротоло палатада толук кандуу талкуулоону чечтик.

– Укук коргоо органдарынын жетекчилерине кандай жоопкерчилик каралган?

– Жоопкерчилик сөзсүз каралышы керек. Ал жерде адам өлдү, майып болду. Канчасы жаракат алышты, зыян тартышты. Прокуратура, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, УКМК, ИИМ жетекчилери жана башка кызматкерлердин жоопкерчилиги каралышы тууралуу камтылган. Укуктук баа берүү жагы башкы прокуратурага, ал эми кызматта иштеп жаткандары өкмөт башчыга тапшырылат.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: