Menu

Президенттин басма сөз катчысы

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын өлкөнүн «Азаттык», «Клооп» жана «24.kg» медиаресурстарынын эсептеринин камакка алынганына байланыштуу билдирүүсү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун сөз эркиндигин коргоо принциптерин карманып, күчтүү жарандык коомдун болушун колдогону белгилүү.

Мамлекет башчысы бул тууралуу эл алдына чыгып сүйлөгөндө да, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканда да, өлкөнүн жана чет элдик ММКга берген маектеринде да баса белгилеп келет. Кыргыз Республикасынын Президенти дал ушул жагдайлар өлкөнү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт деген көз карашынан кайтпайт.

Мамлекет башчысы азыркы абалга кандай гана реакция кылбасын, коомчулук тараптан сот иштерине жана соттун чечимине басым жасоо аракети катары кабыл алынышы мүмкүн. Бардык соттук териштирүүлөр, анын ичинде медиага карата дагы — укуктук гана талаада жүргүзүлүшү керек.

Ошого карабастан, бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген Кыргыз Республикасынын Президентинин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн аброюна шек келтирээрин так кесе билдиребиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: