Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен райондорунун тургундары Душанбеден Пянж дарыясы аркылуу өтчү көпүрөнү ачууну суранып жатышат. Аталган көпүрө быйыл 1-январдан тарта «коопсуздук максатында» жабылган.
Маалыматтарга караганда, тажик-ооган чек арасынын аталган бөлүгүндө Ооганстандын Хохон, Куфоб жана Шикай райондорунун тургундарына азык-түлүк алып бараткан 20га жакын жүк унаасы токтоп турат. Болжол менен 300 миңге жакын адам жашаган ал райондордо азык-түлүк түгөнүүдө. Ооганстандын түндүк райондору кыштын келиши менен дээрлик жарым жылдан бери сырткы дүйнө менен байланышсыз калышкан.
Нурали Сайид аттуу ооганстандык ишкер ага таандык төрт жүк унаасында ондогон тонна азык-түлүк, анын ичинде жер-жемиштер бар экенин билдирди. «Унааларыбыз чек арада өткөн айдан бери турушат. Товардын бир бөлүгү бузулуп да кетти болуш керек. Кыштын келиши менен ашуулар жабылып, азык-түлүк жеткирүү үчүн Тажикстандын аймагы аркылуу өтүп келебиз», — деди ал.
Ал ортодо өзүн Махмадаслам деп тааныштырган Хохон районунун тургуну базарларда азык-түлүк дээрлик жок калганын билдирди. «Бул көпүрө жок кезде биз адатта кышка азык-түлүк камдап алчубуз. Көпүрө ачылгандан кийин биз ал дайыма эле ушул калыбында турат го дегенбиз. Азыр азык-түлүк дээрлик жок калды. Жергиликтүү тургундар ачка калганы турушат. Биз тажик президентинен көпүрөнү ачууга жардам берүүсүн суранабыз», — деди ал.
Азырынча тажик бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Өлкөнүн укук коргоо органдарындагы өз булактар «эки өлкө ортосундагы көпүрө коопсуздук максатында жабылганын» гана билдиришти.
11-февралда Ооганстандын Бадахшан провинциясынын губернатору тажик бийлиги көпүрөнүн эмне себептен жабылганын түшүндүрө электигин айтты.
Ооганстан менен чек аранын жабылышына 2017-жылдын декабрындагы окуя себеп болгон. Анда ооган аткезчилери менен атышуу болуп, жыйынтыгында Тажикстандын чек ара бөлүгүнүн командири мерт болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ