“Мамлекеттик буюртмалар тууралуу” мыйзамдын аткарылышын көзөмөлгө алган депутаттык комиссиянын мүчөсү Алмазбек Токторов “Мамлекеттик буюртмаларды аткарган тараптарда бир күндүк компаниялар арбын экен” – деп парламентте айтып чыкты. Анын айтымында, иликтөө учурунда бир гана кадамдан турган же ага-тууган, жек-жааттарды жөн эле кишинин саны арбытып жазып койгон “жасалма” компаниялар мамлекеттен олчойгон суммадагы буюртмаларды алып, аны башкаларга жасатып ортодон пайда таап жатышыптыр. Же болбосо мектептеги психологдун кызматын акушер-гинеколог аткарып жаткан имиш.
Ооба, бул бүгүн жашыруун эмес. Бир тоголок картөшкө жерге сеппеген компаниялар жүздөгөн мектептерди жашылча менен камсыздап, байлоодо бир букасы жок компаниялар базардагы ооруган малдардын арзан эти менен бала бакчаларды багып жатканы тууралуу биз далай жазганбыз. Андыктан Токторов мырза тайсалдабай туруп ток этээрин айтып, ошол “бир күндүк” компаниялардын тизмесин ММКларга тизмелеп берип койбойбу. Кайсы фирма кимге катталганын өзүбүз деле таап, илик-жатышын изилдей салат элек. Ай, анте албайт го, анда өзү деле фармацевтика компаниясына күч келтирип алганы жатпайбы…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ