Menu

Азамат Арапбаев, ЖКнын депутаты: “Мас айдоочу үчүн 17500 сом айып пул аз деп эсептейм. Эң азы 175 миң болуш керек”

Бөлүшүү:

– Азамат Абдуллажанович, коомчулук жол эрежесин бузгандарга карата айып пулдарды азайтуу маселесин көтөрүп атса, сиз он эсе көбөйтүш керек дейсиз да?

– Мен айып пулдун ал түрүн автоунааны мас абалында айдагандарга карата айтып атам. Бул коомго аябай чоң коркунуч келтирет. Жол эрежелерин бузгандан тышкары башка жарандардын ден соолугуна, өмүрүнө зыян келтирип коюшу мүмкүн. Мас айдоочу үчүн 17500 сом айып пул – бул аз деп эсептейм. Эң азы 175 миң болуш керек. Мас абалда айдаганга уруксат жок, бирок, «он жети жарым миң сом төлөп коюп, айдай бер» деген маселе болуп турат. Мейли, андайларга биротоло бөгөт коё албайт экенбиз, кыйын экен, бирок, жазасын көбөйтсөк болот.

– Ушул чара таасир этет дейсизби?

– Таасир этет. Сөзсүз таасир этет.

– Айдоочулук укугунан ажыратып койсо, 175 миң сом айып пулга караганда да таамирдүүрөк болот беле?..

– Туура. Бирок, аны менен кошо айып пул жагынан дагы жазаланса, аябай таасирдүү болот.

– Ал эми жол эрежесин башка бузууларга айып пулдардын көлөмү боюнча оюңуз кандай?

– Кээ бир айып пулдар чындыгында көбүрөөк болуп калган. Аларды бир аз балансировка кылып коюш керек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: