2017-жылдын 3-декабрь күнү Кара-Суу районунун Кашгар-Кыштак айылынын жашоочусунун үйүн текшерүү учурунда бакчасынан баштыкка салынган кургатылган каннабис (кара куурай) баңгизаты табылган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Баңгизаттын жалпы салмагы 6 килограмм 490 граммды түзгөн.
Ушундай эле, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү фактысы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунунда дагы аныкталып, Ак-Кочкор айылынын 44 жаштагы Ы.Т. аттуу жашоочусунун үйү текшерүүгө алынып, сарайынан 200 грамм салмактагы марихуана баңгизаты табылып алынган.
Алынган баңгизаттар экспертизага жөнөтүлүп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда иликтөө иштери жүрүп, материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ