Menu

Турат Акимов, саясат талдоочу: “Бизде “паркетный генералдар” толтура, алар бир метр жерди коргой алышпайт”

Бөлүшүү:

– Азыркы генералдар тууралуу курч пикир айттыңыз…

– Өлкөбүздө 148 метр чек араны коргой албаган 148 генерал бар. 148 генералдар – булар баардык аскерий түрүндөгү генералдар. Анын ичинде УКМК, бажыкана, салык кызматын аркалагандар, учкучтар, чек арачылар, ӨКМнын да «чоң жылдыздар» кошулат. Өзүнчө прокуратуранын да генералдары болот. Эки-үч отурумга катышкан депутаттар кийин биринчи даражадагы кеңешчилер болуп калат. Ошол эле Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу адамдарды айтсак болот. Жалпысынан бизде ушунча генерал бар. Алар генералдык наамды алып алганы менен бизде аскерлердин саны болгону 7 миң. Жети миң адамды бир эле генерал башкарып койсо болот. Негизи 15-30 миң аскерди, дивизияны башкарган адамды генералдыкка көтөрчү. Совет мезгилинде бизде болгону үч генерал болгон. 30 жыл аралыгында алардын саны 148ге жетиптир. Булардын эң эле аз дегенде пенсиясы 40 миң сомду түзөт. Дагы кошумча даражасы, эмгек стажысы кошулуп отуруп пенсиялары 80 миңге жетет. Кээ бирлери 120 миң сомго пенсияга чыгышкан.

– Алар тараптан жакшы сунуш, кеңештер деле айтылбай келет…

– Негизи бул генералдар президенттердин биринчисинен тартып бешинчисине чейин чек арага байланыштуу жакшы сунуштарын киргизиши керек эле. Өзбекстандын четинде, Ош облусунда кызмат өтөгөндөрү өз алдынча топ түзүп баары баштарын бириктирип, чек ара маселесин президенттин алдына коюп, «мындай кылсак болот эле» деген таризде ой жүгүртүшсө болот эле. Бирок, аттигиниң, алар эч нерсеге жарабай отурушат. «Манас» орденин тагынып алып, болор-болбос темир-тезекти төшкө илип алып, фурашканы кийишип, Атамбаевди коргоп, Жээнбековду коргоп, өздөрүнүн кызыкчылыктарына жан сабап, кошоматтын генералдары болуп калышты. Буларды бизде «паркетный генерал» деп коёт. Кабинетте отурган эле бок курсактар. Чыныгы генералдык наамга татыктуу көп болсо 2-3 эле мыктылар болсо керек. Калганынын баары бийликке кошомат кылып эле, ошолор менен мамиле түзүп алгандар. Президентке жакшы кошомат кылышып, генералдык наамды алгандар бар. Алар той, аянттагы майрамдар болсо кычырап чыгып калышат. Биздин Үзөңгү-Кууш, Каркыра кетти. Таластан Көк-Сай кетти. Азыр Тажикстанга, Өзбекстанга жерлер кертилип кетип жатат. Айылдык малчы, карапайым адамдар алар менен мушташып, кубалашып жүрөт. Ал эми генералдардын бири да ураан менен чыгып, «чек араны бекители» дегенге жарабайт. Акча алып алышып, анан солдаттарды бекер иштетип, коргоо ж.б. өз министрликтеринин майталкандарында болуп, улуттук гвардиялардын тегерегин талкалап, элиткаларды курдуруп жүрүшөт. Аскер курулуш компаниясы уурулук иштери менен даңазасы чыкты. Курсан Асановдой бир ишкер чыкса, аны жамандап жатып калышат. Тынчтыкты алып келген генералдардын артынан суу куюп отурушат. Айтор, эл үчүн эмгектери деле жок. «Дүжүр» генералдарга айланышкан. Бир метр жерди коргой алышпаса, аларга олчойгон акчаны төлөп эмне кылабыз? Эптеп жан багып жаткан эл генералдардын пенсиясын кыскартуу маселесин көтөрүп чыгуулары керек. Көңүл буруп, тазалап-тактап, талап коюулары керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: