“Уюлдук операторлордун расмий билдирүүлөрүнө ылайык 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында уюлдук байланыш жана интернет өчүрүлгөн эмес. Равшан Жээнбеков комиссиянын суроолоруна жооп берип жатып: “Атамбаев барымтадагыларды бошотуу боюнча эч кандай чара көргөн эмес, ошондой эле ал коркок экен, өз үйүнүн бурчуна качып, жашырынып, ал жактан чыкпай, бизди да өзү менен сүйлөшүүгө киргизбей койгон”, деп билдирген”, – деди бүгүн, 12-декабрда КР Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Тынчтык Шайназаров 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө комиссиянын атынан баяндама жасап жатып.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ