Menu

Атамбаевдин адвокаты Аскер прокуратурасына суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Мындай маалыматты бүгүн, 13-декабрда Замир Жооошев билдирди.

Анын айтымында, аны Аскер прокуратурасы бүгүнкүгө саат 17:00гө чакырышкан. Ал өмүрүндө биринчи жолу суракка чакыруу кагазын алганын жана алар эмнеге чакырып жатканын билбейт. Кандайдыр бир иштин күбөсү болуп калганда гана адвокат суракка алынаарын жана кызыкчылыктарын коргогон инсандын маселелери боюнча суралбашы керектигин айтып, алардын катасын баса белгиледи. “Чакыруу туура эмес толтурулган. Тергөөчүлөр кайсыл маселе боюнча, ким катары жана кайсыл тергөөчүгө барыш керектигин көрсөтүшкөн эмес жана байланыш телефонун жазышкан эмес. Документке тергөө тобунун жетекчиси кол койгон. Чакыруу эртерээк келгенде мен аларга бара албасымды айтышым керек эле. Себеби, мен Равшан Жээнбековдун иши боюнча ИИМдеги тергөө иштерине, саат 16:00го катышышым керек болчу“,-дейт адвокат.

Эске салсак, кечээ, 12-декабрда мурунку депутат Равшан Жээнбеков суракка чакырылып, камакка алынган. Ал 48 саатка камакка алынганын жана аны камакка алууга негиз жоктугун Замир Жоошев бүгүн эртең менен билдирген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: