Алар мектеп директору алмашканына нааразы болушууда. Кечээ эле “директору алмашыптыр, Азамат Дикамбаевдин ордуна Бишкек шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченко дайындалды” деген сөз тараган. Бирок депутат айым бул сөздөрдү төгүндөп, “Газпром Кыргызстан мектеби” фондуна төраганын кеңешчиси болгонун айткан эле.
Бирок бүгүн директор кызматынан алынган экен. Саат 15:00гө жетекчилик алмашканы тууралуу ата-энелер менен жолугушуу коюлган.
Азамат Дикамбаев кечээтен бери эч ким менен кабарлашпай жаткан кези.
Негизи эле башынан баштап эле “Газпром” мектеби ызы-чуу менен коштолуп келет. Анын курулушу үчүн муниципалдык жер бөлүнгөн. Курулуш бүткөндөн кийин жерди ошол эле аталыштагы фондго өткөрүп берүү маселеси турган. Ал мектепте окуу дагы кымбат – айына 22 миң сом.
Мектептин фондго өткөрүлүп берилгени боюнча шаардыктар сотко доо-арыз менен кайрылышкан. Сот 19-декабрда болот.
Эми директордун алмашканы эмне менен бүтөт болду экен?
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ