Menu

30 жаштагы Тунук Темирбаева кандайча каза болгон?…

Бөлүшүү:

…30 жаштагы Тунук Темирбаева тогуз айлык кызы Эркайымды алып өзү туулуп-өскөн Кадамжай районундагы ата-энесинин үйүнө келгенине бир жумадай болуп калган. Жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, андан кийин Россия Федерациясында иштеп келген Тунук тагдыр-насип буйруп Кара-Суу районундагы Мамажан айылынын тургуну Дурусбек Акимбеков менен таанышып, бир жылча сүйлөшүп жүрүп 2014-жылы баш кошушкан. Ал эми 2015-жылы июлда тун кызы Даткайым төрөлөт… Тунук ата-энесине жолдошу Дурус менен мындан ары чогуу жашай албастыгын, ал уруп-сабап кордой бергендигин айтып, эки кызымды өзүм эле иштеп багып алам,— деген оюн билдирген болчу…

Төртөөнүн айып корутундусунан:

“…Акимбеков Дурусбек Зулунович 2014-жылдын октябрь айынан тартып Темирбаева Тунук Мидиновна менен турмуш куруп, Кара-Суу районунун Мамажан айылында жашап жүрүп, материалдык же башка жагынан көз каранды болгон жубайы Темирбаева Тунукка карата коркутуу, татаал мамиле жасоо же кадыр-баркын дайыма кемсинтүү менен Т. Темирбаевага мыйзамдуу түрдө иштеп акча табууга жол бербестен, 2015-жылдын жаз мезгилинде ага карата күч колдонуп, денесине жараат келтиргендиктен Т. Темирбаева өзүнүн аталаш тууганы болгон Ош шаарынын Төлөйкөн айылында жашаган Р. Васировдун үйүнө качып барган. Ал жерде бир күн жүргөндөн кийин Д. Акимбеков апасы менен барып, Т. Темирбаевага карата мындан ары күч колдонбоого сөз берип, андан кечирим сурап үйүнө кайтарып алып келген.

Бирок, Д. Акимбеков өзүнүн берген убадасын аткарбастан, кайрадан эле өзүнүн жубайы Т. Темирбаевага карата күч колдонуп, анын мойнунан муунтуп, колдору менен бети-башына ургандыктан 2015-жылдын күз мезгилинде колундагы 5 айлык кызы менен апасынын бир тууган сиңдиси Ф. Байтикованын үйүнө, Кызыл-Кыя шаарына качып барган. Т. Темирбаева жолдошу Д. Акимбековдон материалдык жактан көз каранды болгондуктан, ал эми Д. Акимбеков жубайы Т. Темирбекованы тиешелүү деңгээлде материалдык жактан камсыз кылбай, анын жол акысына дагы акчасы жок болгондуктан, Т. Темирбаева келген таксинин жол акысына төлөө үчүн акчаны эжеси Ф. Байтиковадан алууга мажбур болгон. …Ф. Байтикованын үйүндө бир жума жүргөндөн кийин Д. Акимбеков кайрадан апасы менен барып, мындан ары жубайы Т. Темирбаевага карата күч колдонбоого сөз берип, кайрадан өзүнүн үйүнө алып келген.

2017-жылдын октябрь айынын орто ченинде Т. Темирбаева үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүнүн ата-энесинин үйүнө Кадамжай районунун Орозбеков айылына кичине кызын алып кетип калган. Арадан бир жума убакыт өткөндөн кийин Мамажан айылында жолдошу менен калган чоң кызы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кызынын “апа, мени алып кет” деген сөздөрүнө чыдабай аны алып кетүү үчүн 2017-жылдын 23-октябрында Кадамжай районунан Кара-Суу районунун Мамажан айылына келген. Бирок, анын жашаган үйүн жолдошу кулпулап коюп жумушка кетип калгандыктан үйүнө кире албай, жолдошу Д. Акимбековго телефон аркылуу үйдүн ачкычын берүүнү сурангандыгына карабастан Д. Акимбеков жубайы Т. Темирбаеванын кадыр-баркын кемсинтүүнү улантып, үйүнүн ачкычын бербей койгондуктан, Т. Темирбаева колундагы кызы менен подвалда жатып таң атырууга мажбур болгон. Эртеси күнү, т.а. 2017-жылдын 24-октябрында Д. Акимбеков жубайы Т. Темирбаеваны Жоош айыл өкмөтүнүн алдында көчөдөгү элдин көзүнчө, андан кийин үйүндө кадыр-баркын кемсинтүүнү жана моралдык жактан басым жасоону улантып, анын өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылууга жеткиргенден улам, Темирбаева Тунук тамакка колдонуучу уксус кислотасын ичип алып ууланып, Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ооруканада 4 күн дарыланып жатып, каза болгон…”

Соттук териштирүүлөр

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренесинин 2-бөлүмү менен айыпталган Д. Акимбековдун кылмыш ишин алгач караган Ош шаардык сотунун судьясы М. Жалалова 2018-жылдын 27-августтагы токтому менен тергөөнүн кетирген мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн ишти Ош облусунун прокуроруна жөнөткөн.

Анткени, жабырлануучу тарап соттук териштирүү учурунда сотко өтүнүч келтирип, кылмыш иши үстүртөн тергелип калганын, кылмыштын бетин ачууга ар тараптуу иликтөө жүргүзүлбөгөнүн, маркум Т. Темирбаеванын ооруканада жатып жазган акыркы каты ишке тиркелбей белгисиз жагдайда жоголуп кеткендигин, врачтар суралбагандыгын жана бул кылмыш иши боюнча түздөн-түз далил болгон уксус кислотасы бар идиштин сыртындагы кол манжалары кимге таандык деген маселе каралбай калгандыгын, мындан сырткары маркумдун өзү уксус ичкенде башкача жаракат келтирилмектигин, анын оозунун сырты уксуска күйгөндүгүн, алгач Т. Темирбаеваны уруп, андан кийин оозуна уксус ичимдиктери куюлган деп божомолдоого негиздер бар экендигин айтышкан.

Белгилей кетүүчү жагдай, Т. Темирбекова 23-октябрь күнү Кара-Суудагы үйүнө келип жолдошу Д. Акимбековдон үйдүн ачкычын сурап чалгандагы телефондук сүйлөшүүлөрү сакталып калган. Анда айыпталуучу маркумга карата “Мен барсам, сенин каныңды ичип коёмун” деген коркутуулары бар. Ал эми уксустан алган жарааттан сүйлөй албай ооруканада жатканда кагаз, ручка алдыртып, ага өз колу менен “Урушкан. Иттей кылып. Кайнежем дагы, кайнатам дагы урушту, кайненем дагы…” деген сөздөрдү жазып калтырган. Бул далил-буюмдарды жабырлануучу тарап тергөөчүгө бергени менен, алар белгисиз себептер менен иштин ичинен жок болуп кеткен.

Мына ушул жагдайларды эске алган судья М. Жалалова ишти кайра тергөөгө жөнөткөнү менен Ош облустук прокуратурасы ал токтомго карата облустук сотко жай сунуш келтирип, кылмыш ишти башка курамда негизинен кароо үчүн жөнөтүүнү сураган. Апелляциялык инстанциядагы соттук коллегия (төрагалык кылган: Шамшиев А.А., судьялар: Абдылдаев А.Ж., Исажанов К.Ж.) прокуратуранын жай сунушун канааттандырып, жазык ишин биринчи инстанция сотуна жаңыдан кароого жөнөткөн.

Ал эми Ош шаардык соту 2019-жылдын 29-апрелинде төмөндөгүдөй өкүм (төрайымдык кылган: Сулайманова А. Э.) чыгарган:

Кыргыз Республикасынын КЖКнин 102-бер. 2-бөлүмү боюнча айыпталган Акимбеков Дурусбек Зулуновичтин аталган айыптары боюнча анын жосунунда кылмыштын окуясы жок болгондугуна байланыштуу акталсын.

Акимбеков Дурусбек Зулуновичтин бөгөт коюу чарасы өзгөртүлбөстөн, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин үй-камакта калтырылсын да, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алынып салынсын.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Темирбаев Мидин Тагаевичтин моралдык жана материалдык зыянды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандыруусуз калтырылсын…

Соттун жогорудагы өкүмү Ош областтык сотунун 19.06.2019-жылдагы өкүмү (төрагалык кылган Абдылдаев А.Ж., судьялар: Кубатов А. Э, Джунусов З.Т.) менен өзгөртүүсүз калтырылган.

Жогорку Соттун токтому

Кечээ эле өлүмдөн түк кабары жок,“эки кызымды өзүм эле багып алам” деп оптимисттик маанайда отурган кызын ажалдан арачалап калалбаганына ызаланган ата-эне үчүн соттун “актоо” өкүмү эки эселенген “азап” болгондугу түшүнүктүүдүр. Тунуктун атасы Мидин Темирбаев адилеттик издеп мамлекеттик органдарга, өкмөттүк эмес уюмдарга чуркап жүргөнү 2 жылдан ашкандыгын айтат. “Менин кызым эки баласын жетим калтырып, уксус ичип өлчүлөрдөн эмес эле. Ал турмушка бышкан, жашоодогу кыйынчылыктарга тике караган кайраттуу болчу. Аны уруп сабаганда эс-учун жоготкон окшойт. Ошондо тигилер (Акимбековдордун үй-бүлөсүндөгүлөр) коркуп кетишип оозуна уксус куюп, өз өмүрүнө кол салды кылгылары келишкен, деп эсептейт. Андан калса, соттук-медициналык экспертизанын (27.10.2017-ж., №145) корутундусунда да Т. Темирбаеванын денесинде оң санынын, оң шыйрагынын, сол санынын, оң жамбаш сөөктүн көгөргөн дене жаракаттары бар экендиги, бул жарааттар катуу жумуру нерсе тийгенден пайда болушу мүмкүн экендиги көрсөтүлүп турат. Ал эми Т. Темирбаеваны акыркы сапарга узатууда денени жууганга катышкандар сол жак бөйрөгүндө көгөргөн чоң көлөмдөгү жаракат болгондугун, мындан башка да эксперттин корутундусунда көрсөтүлбөгөн жаракаттар бар экендигин айтып да, жазып да беришкен…

Ак ийилет, бирок сынбайт демекчи, жабырлануучу тараптын көзөмөл даттануусун караган Жогорку соттун коллегиясы (төрагалык кылган: Акматов Б., судьялар: Сыдыков А., Бакирова Н.) 2019-жылдын 23-сентябрдагы токтому менен Ош шаардык жана Ош областтык сотторунун бул иш боюнча өкүмдөрүн жокко чыгарып, жазык ишин жаңыдан башка курамда кароого Ош шаардык сотуна жиберген.

Сот бул токтомунда иш жагдайлары ар тараптан каралбай, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү текшерилбей, иштин материалдары бир жактуу каралып, негизсиз актоо өкүмдөрү чыгарылган. Мындан сырткары, Т. Темирбаеванын кол телефонунда жазылган жазуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн стенограммаларына биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан тийиштүү баа берилген эмес, – деген тыянакка келген.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык сотунда сөз болгон кылмыш ишин териштирүү башталды. Сот кандай жыйынтыкка келет, кезеги келгенде мыйзамдарга ылайык кабарлайбыз.

Даярдаган М. Жаркулов

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: