Menu

Ала-Букада прокурор барбы?

Бөлүшүү:

Маматкадыр Кутманов.

Өткөн аптада “Кажарлык окуучулардын укугун коргогон 80 жаштагы карыянын кайрылуусу” деген аталыш менен Ала-Бука районундагы Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн Кажар айылынын аксакалы Маматкадыр Кутмановдун Президентке, Өкмөт башчыга жана Билим берүү министрине жазган арызы жарыяланган.

Арызда аталган айылдын эли 1997-жылы ашар жолу менен мектеп куруп, анын артынан кошумча корпус, спорт аянтчаларын салышкандыгы, ал алгач 9-класска чейинки “негизги мектеп” болуп ачылгандыгы, 2013-2014-окуу жылына карата бул А. Ботоев атындагы мектеп 10-11-класстардын базасында ачылмак болгондугу, бирок райОНО жетекчиси алмашып, анын ордуна келген Чынара Турдукулова жогору жактарга ар кандай жалган маалыматтарды берип, балдардын саны жетпейт деген шылтоо менен мектепти жабууну көздөп келаткандыгы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Ала-Бука районундагы бир нече мектеп директорлору, мугалимдери КРнын Премьер-министри М. Абылгазивге Ч. Турдукулованын көптөгөн мыйзамсыз иш-аракеттери, “салыктары” жана туура эмес жүрүм-туруму (аморальный) тууралуу даттанып келе жаткандыгы, анын үстүнөн Президентке, Премьер-министрге, министрге, депутатка, прокурорго жазган арыздарынын бардыгы кайрылып эле Ч. Турдукулованын өзүнө “арыздагы фактыларды териштирүү үчүн” жөнөтүлүп, КРнын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби» жөнүндөгү Мыйзамынын 12-беренесинин 10-пунктунун талаптары одоно бузулуп жаткандыгы да айтылган эле.

Гезит жарыкка чыккандан кийин Ала-Букада катуу “тополоң” башталгандыгын кечээ күнү арыз ээси, 80 жаштагы Маматкадыр Кутманов телефон аркылуу билдирди. Анын айтымына караганда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч. Турдукулова арызданып жүргөн мектеп директорлору менен мугалимдерди куугунтуктап, алардын айрымдары “качып кетип” кутулса, айрымдары арыздагы фактыларды тастыктаган түшүнүк каттарды жазып берип жатышыптыр. Эң кызыгы, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Маматкадыр абаны милицияканага чакырыптыр. Анткени, анын үстүнөн Ч. Турдукулова арыз менен кайрылып, чара көрүүнү сураныптыр. Тергөөчү Маматкадыр абадан кайдан алгандыгына кызыгыптыр. М. Кутманов бул фактылар райондогу мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлери тарабынан жазылып, колдору коюлуп Премьер-министрге жөнөтүлгөн жана өкмөт аппараты тарабынан 08.08.2019-жылдагы “Кл – 2112” саны менен катталган арызда жазылып тургандыгын айтып, тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн да бериптир.

Белгилей кетүүчү жагдай, М. Кутманов гезитке жарыяланган арызында да мугалимдердин Өкмөт башчыга жазган коллективдүү арызына шилтеме жасап, ал арыздын көчүрмөсүн кошо тиркеген.

Айтмакчы, Маматкадыр аба редакцияга келээрден алдын Билим берүү министри К. Исаковдун наамына да арыз таштап, жаңыдан иштеп баштаган министрден үмүтү чоң экендигин, адилеттик орноп калаарын айтып келген эле. Тилекке каршы, министр К. Исаков деле “мурдагыдан” алыс түшпөй, арызды кайра эле “Ч. Турдукулованын кароосуна” жөнөтүптүр…

М. Кутмановдун берген суроосу мындай болду: Эмне үчүн биз, көпчүлүк жарандар Ч. Турдукулованын үстүнөн арыз жазсак эч ким текшербейт? Ч. Турдукулованын үстүнөн жазылган арыздарды кайра анын өзүнө жөнөтүү мыйзамдуубу? Ч. Турдукулова Кудайдын көзүн көрүптүрбү, ал арыз жазса эле карай бергидей?..

Урматтуу Ала-Буканын прокурору! Кыргызда “эсиң барда этегиңди жап” деген кеп бар. Сиз ошол жердеги аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдырынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусуна көзөмөл жүргүзгөн органдь1н жетекчисисиз! “Жаман айтпай, жакшы жок”. Эл менен бийлик ортосундагы чатак ырбап, эртең кеч болуп жүрбөсүн?!. Мугалимдер, аксакалдар эриккенинен Президентке, Премьерге, Министрге даттанып жатышпаса керек? Алардын арызын да угуп койсоңуз! Бетин ары кылсын деңизчи, кокус чатак ырбап кетсе “бармак тиштеп жүрбөңүз”. Билесиз да, балык башынан сасыйт, бирок аны куйругунан баштап тазалайт…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: