Menu

Атамбаевдин төңкөрүш кылуу планы кандай болгон?

Бөлүшүү:

2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуяны изилдеген мамлекеттик комиссия Атамбаев жана анын тарапташтары бийликти басып алууга даярдык болгонун расмий тастыктады. Бирок кандайча ишке ашат эле?

Албетте, төңкөрүш кылуу үчүн сөзсүз Бишкекте массалык башаламандыктар болууга тийиш эле. Негизги сценарий 3-июлга даярдалган. Ал күнү Бишкектеги Атамбаевдин “Медиа Форум” имаратынын алдында экс-президенттик макамынан ажыраган Атамьбаевдин тарапташтары митингге чогулган. Бирок жакшы эле акча бөлүнгөнү менен митингге эл алар ойлогондой келип бербеди, өзгөчө ал-күчкө толуп турган булчуңдуу жаш балдар аз болду. Эң башкысы – парламент депутаттары каникулга тарап кетишти, бул сценарийде жок эле.

Эскерте кетсек, ал митингде Атамбаевдин тарапташтары резолюция кабыл алып, анда бийликтен өкмөттү кетирип, ордуна “эл ишениминдеги өкмөт” түзүү, бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин алмаштыруу, мамаппаратка кеткен чыгымды кыскартуу жана чиновниктерди тазалаш үчүн люстрация өткөрүү талаптары коюлган. Чындыгында талаптар популисттик болуп, аткарууга мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө аны аткаруу үчүн Атамбаев тарапташтары менен бийликке эки ай гана убакыт берген. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, өлкө боюнча мөөнөтсүз нааразычылык акцияларын башташмак.

Кийин буга президенттин кетиши жана парламенттин тарашы кошулду! 3-4-сентябрда күч түзүмдөрүнүн версиясы боюнча бийликти басып алуу планы жүзөгө ашыруу аракети көрүлмөк. Алгач митингге чогулган калың эл УКМК имаратын курчап, камакта олтурган И.Илмияновду, С.Исаковду, К.Кулматовду, А.Ибраимовду бошотушмак. Андан соң эки маанилүү объектини ээлешмек – ИИМ жана парламент. Ошондо башкы ролду ЖК депутаттары аткарат эле. Алдын ала сүйлөшүлгөн боюнча Атамбаев ишенген КСДП фракциясынан бир депутат спикер болуп шайланмак. Ал жаңы президенттик шайлоого чейин өлкө башчысынын милдетин аткармак экен. Өкмөт башына кайрадан Сапар Исаковду алып келишмек. Күч түзүмдөрү белгилегендей, мындай план Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясында он-жыйырма кишинин катышуусунда бир нече ирет талкууланган. Арасында депутаттар, коомдук бирикмелердин лидерлери, мурдагы чиновниктер бар, алардын ысымдары белгилүү эле болуп калды.

Бирок бул версияда канчалык чындык бар, канчалык деңгээлде далилдер менен бекемделген? Бул эми жакын арада ачыкка чыгып калары бардыр.

“Дело №” гезитинен кыргызчаланды

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: