Бүгүн, 17-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды калыбына келтирүү боюнча сот отуруму уланды.
Сот судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы алдында өтүп, сотко келүүдөн баш тарткан айыпталуучу Сапар Исаковду күчтөп алып келүүнү тапшырган. Мурдагы премьер-министр күч менен сот залына алынып келип, кайра алып кетишти. Анткени ал: “Эмнеге мени күч колдонуп алып келишти? Мен нааразымын. Сотту менсиз деле өткөргүлө, мен баарына макулмун. Бул оюндарга катышпайм», — деп ачууланып, укугу тебеленип жатканын айтты. Судья аны соттук териштирүү тартибин бузгандыгы үчүн деп залдан чыгарып жиберди.
Эске сала кетсек, 10-декабрда да Сапар Исаков сотко катышуудан баш тарткан. Анын пикиринде, Свердлов районундагы соттун ЖЭБ боюнча абсурд өкүмүнөн кийин катышкысы келбейт экен.
2018-жылы июлда Башкы прокуратура ат майдан менен музейдин имараттарынын оңдоп-түздөө учурунда бюджет каражаттары мыйзамсыз пайдаланганы боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекетке 307 млн 650 миң сом зыян келтирилген. Бул иште Сапар Исаковго «Жемкорлук» беренеси менен айып тагылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ