Бүгүн, 17-декабрда Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатып качып кеткен Алмаз Калдыбаев аттуу шектүүгө милиция издөө жарыялады. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Калдыбаев Жазык кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) менен кармалып, ал ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкеринин кайтаруусунда болгон. Бүгүн ал ооруканадан качып кеткен. Эмне болуп качып кеткендиги боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ош ШИИБси Алмаз Кадыбаев тууралуу билгендер болсо, анда 102, 03222-4-82-82 телефондоруна чалып коюуну өтүнөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ