Бүгүн, 25-сентябрда, активист жарандар Акүйдүн алдына тынчтык митингин өткөргөнү жатышат. Тагырагы, Бишкекте жаратылыш коруктарынын жана мөңгүлөрдүн кол тийбестигин талап кылган акциясын өткөргөнү жатышат. Алардын айтымында, бул акция саясатка байланыштуу эмес, адамдардын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн келечеги жөнүндө тынчтык митинги.
Эскерте кетсек, Акүйдүн алдындагы митинг, чогулуштарга Биринчи май райондук соту сентябрдын аягына чейин тыюу салган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ