Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремиздин алдын алуу боюнча БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесовду кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремиздин алдын алуу боюнча БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесовду жана БУУ менен БУУӨПтин Контртеррористтик башкармалыгынын  делегациясын кабыл алды.

Экстремизмге жана радикализмге биргелешип каршы туруу боюнча  маселелер жана чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан БУУнун Глобалдуу антитеррористтик стратегиясын ишке ашыруу үчүн олуттуу  күч аракет жумшап жаткандыгын белгилеп, 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын Концепциясы жана 2017-2022-жылдарга экстремизмге менен терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы кабыл алынгандыгын эске салды.

Глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан  экстремизмдин алдын алуу боюнча БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесов миссиянын негизги максаты — бул экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшкө көмөктөшүү экенин белгиледи.

«Биз ар тараптуу кызматташууда конструктивдүү диалогду колдоого даярбыз. Активдүү жана жемиштүү ишиңиздер үчүн баарыңарга ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана башкармалыктын тобуна миссиянын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: