Кечээ, 19-декабрь күнү, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз тараптан КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев, ал эми Тажикстан тараптан УКМК чек ара аскерлеринин кол башчысынын орун басары – Башкы штабдын башчысы генерал-майор Химатулло Пираков жолугушту.
Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулап, биргеликте иш алып барууну маселесин карашкан.
Белгилүү болгондой, кечээ, 19-декабрь күнү мамлекеттик чек арадагы тактала элек тилкедеги бардык тосмолор алынып, учурда абал туруктуу деп мүнөздөлөт.
Булак: “KyrgyzToday”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ